Подать объявление
Doska.kg - доска бесплатных объявлений Кыргызстана

Объявление устарело (Возможно информация более не актуальна)
Проект "Школа Личностей". Манкуртизм IV. Духовность цивилизации...

Регион: Бишкек
Продавец: Физическое лицо
Цена: не указана
Телефон: отсутствует
Описание
Манкуртизм IV.


Духовность цивилизации…

От забвенья к пробуждению.


Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багыты.


Биринчи байлык денсоолук ...
Билбеген пенде уу ичет…


Урматтуу окурман, салам берүү менен бирге ата салтын жолдоп, алты саныбыздан кабар алып; аста-аста, жаңы эле жөрмөлөгөндү таштап, бир-эки кадам шилтегенине сүйүнүп, бактысын жер жайнатып төккөн баладай аң-сезимибизди а дегенде таанып алуу иретинде ичибиздеги тентекти көндүрүп, азоону жоошутуп акылга салып, сапарыбызды уланта берели.
Ал эми бара-бара басканга көнүккөн баланын, чуркап Манас атабыздай Ак-Кула минип канаттарын жайгызып көккө сызарында күмөн жокко...
Күмөн жокко демекчи, аң-сезимди жогорулатуу багытында,- эң негизги, биринчи орунду ээлеп турган максатыбыз, бул денсоолука үгүттөө чарасы десек, кайра эле эмне дейт(?) деген суроо жарала турганы, ташка тамга баскандай көрүнүп калды окшобойбу. Бирок мындай учурда бираз ой жүгүртүп көрсөк аң-сезимди баш сөөктө жаткан мээден тышкары, өзүнчө бөлүп кеп салыш,- бул өзү даана манкурттук болуп калат го. Себеби жанагы үстүдө эскерилип кеткен ата-бабаларыбыздын дайыма эске алчу,- алты санынын эң маанилүүсү болуп – кекиртектен өйдө жайгашкан өтө бекем баш сөөктүн ичинде орун алган мээбиздин эсен-соолугу алгач ар бир өзүн да, башканы да сыйлаган жарандын ойунда турушу жана милдеттүү түрдө салтка айланып калгандыгы бекерден келип чыккан жокко десек…
Ээ жок,- деп, көнгөн жөн элебизди айтып кутулушубуз туура болобу.
Же сөздүн төркүнүнө акыл чайкашыбыз жөндүүрөкбү урматтуу окурман…
Буга байланыштырып мурунку макалаларда биз баш тери менен жон теринин баш мээ менен тыгыз кызмат кылуусун сөз кылдык элек.
Ошондуктан токтолбой эле койолу да, эскертүү иретинде гана алардын жукарып-тарышы жөнүндө те илгерки замандан кабар алып, кыска маек куралы.
Илгери – илгери, байыркы өткөн доорлордун биринде ондогон миң жылдар мурун кандайдыр бир кыямат кайыңдан кийин соң караңгылыкта калган эл-журт сандалып, көрүнгөн жер бурчунда кара жанды багып жүргөн маалында биздин тоодой ата-бабаларыбыз аң-сезимде терең орун алган азыркы күндө табышмактуу, сокралдуу деген илими менен бөлүшкөн экен…
Бирок, учурунда караңгылык каптаган ошол калк көп убакыт өтпөй эле, теңирден тескери кетип ал илимди жаратылышка, Адам баласына каршы колдоно баштаганда Манас атабыз бул дүйнөгө келгенин убакыттан маалымат алган манасчылар кылымдар бою айтып келүүдө. Манас айтуу коңгуроо сыяктуу адамзатка эскертүү экенин унутпайлы... Манас атанын капырлар менен күрөшүүсүн Жараткан өзү колдогондугу айдан ачык...
Ал эми канында каапырлык ойноп, өзүлөрүн бек сезген анткор бузукулардын ата-бабаларыбыздан алган илимин жүзү каралык жолго салышы тууралуу, өткөн эле кылымдардын тарыхында баса белгиленип кеткен.
Көп батыш жазуучулары Кытайдан баштап Англияга чейин жеткен, Адам баласынын үрөйүн учурган каапырлык жоруктардын «модага», «бизнеске» айланганы жөнүндө «өнүккөн» батыш цивилизациясынын түркүн жанрында сүрөттөлүнгөн. Алардын бири бул – тыйындын артынан кууп 7-8 жашаар балдарды түн жамынып уурдап өнөрчү шылуундардын колуна салып берип, бирин зордук зомбулук ыкмаларында буту кыска, колу узун, бүкүр шутка айландырса...
…экинчисин баш сөөктүн өсүшүнө залал келтирип, ооз мурунун кескилеп ырсайтып, же тескерисинче ыйлаган өңдү жаралткан өнөрүн өркүндөткөн капырлардын жоруктары көнүмүш адатка айланып, Адам кейпин кийген жүзү каралардын санын көбөйткөн.
Жөнөкөй ашпозчудан баштап Хан сөрөйүнө чейин буга умтула кызыгып дүнүйө-дүнүйө деп ашыккан…
Эми урматтуу окурман, муну менен биз эмнени айтайын деп турабыз, өзүңүз деле түшүнгөндүрсүз...
Гюго, Шекспир жана башкалар Адам баласына Шут кейпин кийгизген капырлардын жоруктарын баяндаса.
Биздин кыргыз аттуулу устатыбыз Чынгыз Төрөкулович Айтматов бүт дүйнөнү дүңгүрөтүп – Баш сөөктүн ичине,- Жараткан өзү каткан мээге залал келтирип сырга бай, Адам баласынын табиятына тиешелүү Аң-сезимде жаткан маалыматтан алыстатуу үчүн, Акыл-эсинен ажыраткан, каргашалуу ыкманы ачык-айкын көркөмдөп алып чыгаруусунда жатат десек жаңылышканга жатпастыр...
Эми бул кырдалда биздин айта түрганыбыз,- Айтматов агабыз көзгө көрүнгөн жүзү каралык кул-манкурт кылуу ыкмалар илгертен эле белгилүү экендигин ачыкка чыгарып берип коюптур…
Көрүнбөгөнүн кантебиз да, акылыбыз менен кантип байкайбыз деп өзүнөн-өзү суроо жаралып чыкканда...
Кыңыр иш кырк жылда билинет демекчи каарданган караңгылык канчалык жаасын катуу тартса да, жүрөгү таза ак пейил адамдын аң-сезимин булгабайт окшобойбу десек жаңылышбастырбыс.
Муну ак ийилет бирок сынбайт деген ата-бабаларыбыздын сөзүнөн билебизго… Бороон чапкындуу замандарга туруштук берген акылман, айкөл элдин 21 кылымда бирөөнү капыр деши болбостур, анткен менен аң-сезимдин тереңдигинде катылган ак-келтебиз илим болгон чакта, анын кенендигинде жаткан ай балтабыз жетимиш өнөр болгон соң аларды колго алып жүрүшүбүз бул заманда деле ашыкча эместир…
Баш терибиз камтыган мээнин сол жак бөлүкчөсүнүн даремети ой толготуп, жан дүйнөнү сергитип акыл жаратканга жетишкен болсо,- оң тараптагы бөлүктү – «акыя-акыя, акый-акый, акыя» деп колдорду бөйрөк таяп жетимиш өнөрдү аз го дейт. Анткени оң тараптагы бөлүкчөгө байланышту кесел-кесепеттердин дагы касиеттүү ак-сакалдуу дейбизби же ак-калпакчан «сокралдуу» атайбызбы айтор, өзүнүн табиятына байланыштуу илим-билим - маалыматтын бакиси түк оң тарапка тиешелүү да көз караанды.
Дал ошол тарапта көптөгөн кылымдар карыса да, Манас атабыздын кырк чоросуна таандык өнөрлөр, Адам баласына ылайык касиеттер аң-сезимдин тереңдигинде дагы деле орун алып тургандыгына Манас эпосу далил. Ал эми андан көңүлдү буруп алаксыткан, чындыктан алыстаткан каапырлыктын залалдары дагы деле орун алууда десек, азыркы цивилизациянын колдоочулары капаланбастыр.
Кандай болбосо да, Адам баласынын генетикалык кодунда дене-мүчөлөрүнүн түзүлүшүнө эле эмес – ар бир мээнин бөлүкчөсүнө ылайык милдеттер жөнүндө маалымат бар. Ошол (программаларды) мээнин иштөө тартиптерин бузуу капырлыктын эң чөң «жетишкендиги» болгон.
Албетте, бүгүнкү тайкы түшүнүктөрдүн негизинде тартууланган окуу, жазуу жана башка көнүгүүнү талап кылган ыкмалар - мээге түздөн түз байланышы бар өнөрлөр. Бирок, мээге ылайык көнүгүү өнөр коштоодо, илгерки илимде өтө эле алсыз, жетишерлик болуп саналат. Анысы аз келгенсип, алгач кандайдыр бир байкалбаган кеселдиктерге алып келүүчү коркунучу бар экендигине 21 кылымдын адамзатынан байкасак болот. Бир жагынан түркүн оорулардын пайда болуп жатышы, экинчи жагынан жаш балача бири бирин өзөктүк куралы менен коркутуп турушу ага кепил болуп чыга келет да, адамзаттын акыл-эси менен аң-сезиминин деңгээлин көрсөтөт.
Баланын колуна ширеңке карматсаң, арты эмне болоорун Кудай өзү билет… деп отурганыбыз оңдуубу же Кудай сактанганды сактайт дегенге таянганыбыз туура чыгабы...
Урматтуу окурман, бүгүнкү маегибизде эң маңызына көңүлүңөрдү буруп кетели деген оюбузда турган маселе,- бул мээнин оң жак бөлүкчөсүнө тиешелүү,- сезим жаратуу милдетинин илим-билимде орун албашы – Адам баласынын аң-сезиминин жогорулашына кескин түрдө бөгөт коюусунда.
Сезим жаратуу милдети – бул мээнин 90% активдүүлүгү, - же
…мээдеги байланыштардын үзгүлтүккө учуратпоочу ыкма болуп эсептелинет. Акыл-эстүүлүккө жеткирүүчү бул өнөр, ата-бабаларыбыздын ыкмасы. Акыл-эске,- аң-сезимде жаткан өнөрлөр дүйнөсүнүн дарбазасын ачуучу ачкычы.
Азыркы күндө Адам баласын кандайдыр бир сезимдерди жаратууга чакырсаң, сабака даярданып келбеген балага окшоп асманды тиктеп аңкаят же эки жакты карап алактайт...
Албетте мындай жанды кашайткан учурда – «Чык ешике!» дегенден башка нерсе ойго келбейт деле болуш керек… Анан кайдагы кайсы руханий байлыктарды жаратуу боюнча сөз болушу мүмкүн…
Ыр коштоп бийлөө бул дагы жакшы өнөрлөр дечи, атүгүл түркүн аспаптарда ойноп көнүгү мээге түздөн түз тиешелүү өнөрчүлүктөр, бирок...

…ой, эрк аркылуу дене мүчөлөрүн кыймылга келтирүүчү чарасы мээге бир жактуу алсызыраак таасир этсе, оң-жак бөлүкчөсү менен наристе сыяктуу мээбиздин күчү менен алгач сезим, эрк күчтөрүн жаратып анан өйдөдөн ылдый карай жасалган амалдарыбыздын таасири таптакыр башка мээни күчтөнткөн жыйынтыкка алып келип рух, жан-дүйнөлөрдү көтөрүп, көңдөйлүктөн сактайт (орус тилинде муну «духовное пробуждение» деп белгилеп жүрүшөт).
Адам баласы 3-4 жашка чейин сезим, эрк күчтөрүн жаратуусу менен торолуп, өсөт ошол себептен баш мээ өтө активдүү турат да жана ага байланыштуу кабыл алуу, эс-тутум, элес функциясы өтө күчтүү болот.
Дене мүчөлөрү кыймылсыз акыбалда турса белгилүү аларды «шлак, туз, шалдык» «басат». Ошол сымал мээ күндө сезим жаратпаса аны деле төөнүн териси сыяктуу үстүдөгү үч нерсе жөн койбойт; мээдеги бездер да милдеттерин аткарбан соң бүт ички органдарыбыздын иштөө тарбиби да бузулат (иммун, гормон системасы да залал чегет)…
Бул түшүнүк адамдын денсоолүгуна тиешелүү болсо, кишини адам кылуучу сезим жаратуу ыкмасы бүт мээни жалбырт тантып жан дүйнөнүн тонун кеңейишинде касиетке байытса, калыңдашында өнөрлөрдү өркүндөтүп көбөйтөт…
Билим алуу, илимдин үстүнөн түшүү бул мээнин сол жагынын эки бармактын башындай эле жерине ылайык маалымат, тажрыйба топтоо болуп калат, адамды адам кылуучу кумарын жазып эңсегенине жеткирбейт… Чиркин өмүр сырын ачпай, колдон учкан торгойдой таалай таптырбайт...
Кесипчилике ээ болгон адам менен касиеттүү өнөрлүү адамдын айырмасы асман менен жердей…
Жыйынтыгында баш тери менен жон тери куураган дарак өңдүү, кагырап тамыры гана киндик тушта же… белде жайгашып калат да шорду Жоламандын кейпин Адам баласына кийгизет… Капырлардын адамзатка карата жүзү каралыгынан кабар берет…
Мээнин ар бир бөлүкчөлөрүнүн жана мээдеги бир жактуу эмес, көп деген функциялары илгертен ата-бабаларыбызга маалым болгон окшобойбу. Азыркы адамзат эми-эми аларга көңүл буруп кайрылып жаткандыгын кийинки маегибизде сөз кылалы. Кыскача айтып койолу дегенибиз ал милдеттердин ондон - бири дене-мүчө жана ички органдарыбыздын иштөө тартибине тиешелүү болсо, басымдуусу аң-сезим, акыл-эсибизге жана кулк мүнөзүбүзгө байланыштуу...
Абу-Саид дервиш
(Псевдоним)


Баса, унутулуп кала электе айтып койчу нерсе - азыркы бүт дүйнөдө орун алган кумар оорусу же башкача айтканда кумар сезими «оргазм», таттуу уйку сезими сыякту эле мээде жаралат. Муну билбеген көр пенде уу ичип, адамдык касиетин жоготуп, дилин бузат…
Сезим жаратып, жан дүйнөнүн даамын татпаган - болбос ишке азгырылып малынат…

Уландысы бар…
Контакты:
0773 06 91 43
0703 63 99 72
Добавлено: 24 Июня 2018
Поднято: 30 Августа 2018
Просмотров: 202
×