Жаңы доордун босогосунда... Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багыты. Курсы и тренинги. Проект "Школа Личнотей".

Договорная
Продаю
Жаңы доордун босогосунда…


Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багыты.

Караңгылык каптап, Адам баласы өз табиятын тааныбай, адатын дартка айланткан кылымдар...
… Кеч күздүн бир күнүндө, суу боюн жээктеп басып бара жаткан Сарыбай, бир олуянын айтканынан улам, саранча сымал жер бетин каптаган заманды элестетип. “Адам баласынан башка жандууга жан баккыдай орун калбас,”-деп айтканына, акылы бүдөмүк болуп турган чакта.
Алдыда өйдөлөй кокту ичинде, таштын үстүндө отурган өспүрүм, көзүнө илинет. Ошол замат, көз ирмемде пайда болгон күч, башка сезимдерди ойгото, аны көздөй тарта баштайт. Ал күчтү байкап калган карыя, күлүмсүрөп ичинен: “Ээ, көптөн бери бул тоо - таштын арасында жалгыз жүрө берип, бир гана сайдан учуп чыккан сагызгандан башканы жолуктурбаган, өзүмө окшогон жандууну сагынып, баарлашканга муктаж болуп калсам керек,”- дейт да, шыбырагансып :
-А бул чечек тоо койнунда эмне кылып жүрдү болду экен? Малын жоготконбу? Же жөн эле ойноп ушунча алыстыкка кеткенби?- деп жооп изденүүсүндө акылы өз аң-сезимине таандык эмес сезимдерди туйгансып: “Аа бул байкушту кандайдыр бир оор кырдаал бул жакка айдап келген тура,”-деген тыянакында:
-Ээ баатыр, тоону көздөй бет алыпсың, жол болсун,- деп үн катат. Адам добушунан чочуган бала, тура калып, дене боюн каптаган коркунуч сезимин жеңе албай. Алдына басып келип, күлүмсүрөп турган карыя, баланын колун кысып.- Жол болсун,- деп дагы бир саламдашканга чейин бозоруп тура берди.
Анан гана карыянын жылмайган жүзү менен кошо, карылуу колун жумшактап, саламдашканын жүрөгү сезип, акылы: “Ассалам алейкум, ата,” -дегенге барды. Бирок чочуунун артынан кооптонуусу акыл менен эркин жыйноого, көпкө дейре мүмкүнчүлүк бербей жатты. Аны байкаган Сарыбай:
-Кел, балам, көк чөпкө көчүк басып отуралы. Суусундук бар эле, денебизди азыктандыралычы, - деп өз куржунунан чалапты алып чыгуусун сунуштап, үстүндөгү чапанын чечип, чөпкө жая салды да, ичи жылып, кубанычка толгон Сарыбай, кужуңдап, мандаш токуна отуруп калды.
Бул маалда, оюн жыя албай аткан бала, колдорунун титирегенине карабай, чалаптан куюп, сунганга үлгүрүп калды эле. Ал эми оң колу менен алып чыккан көөкөрдөн, сол колуна илинген аякка чалаптан куюп жатканында, кандайдыр бир ыңгайсыздыкты туюп калган Сарыбай: “Кел балам сен да отур. Кел отур-отура кой,“- деп жайылган чапандын четинен орун көрсөткөнүнө, бүткүл ичиндеги даанышман ак көңүлдүгүн, үнү аркылуу жеткиргенге аракет кылды. Ошол учурда гана чочуркап турган бала. Карыянын жан-дүйнөсүнө уюгандай болуп, орун алышы менен:
- Ата, сиз кимсиз?- деген суроо менен кайрылды.
- Ээ балам, мен бул табияттын койнунда, өз ичимдеги чындыкты издеп жүргөн пендемин, болгону ошо. А сени балам, бул жакка кайсы сыр жетеледи? - деп, байкап калганын байкамаксанга салып, суроо берип, маектешкенге умтула берген эле Сарыбай.
Бул мөңгү суунун башатында жүргөн Адам баласынан, чочуп кеткен өспүрүм. Коркуусунда унуткандарынын баары кайра эсине келе түштү. Ал эми “жалгызсыңбы” деген суроосу кооптону сезимин күчөткөн. Баарысын байкап турган Сарыбай сөзүн улантып:
-Балам, сен жалгызсыңбы же жаныңда бирөө-жарың барбы?-деши менен, баланы жөн эле сөзгө тартып, маектешкенге аракет кылган эле.
-Жок ата, жалгызмын, өзүм эле,- деп айткан бала. Бирок суроосу оюн алактатканын түшүнгөн Сарыбай. Тынчсыздандыруусун жазайын деген калоосунда:
-Балам, мурда да бул жакка келип жүрсөң керек, же биринчи жолу бул жакка чыгышыңбы?-деп бир даам татып ала коюп, кесени баланын колуна кармата салды да.- Ич-иче кой, балам,-деп чоочуркаган өспүрүмдүн кесени жарымдата бөксөрткөнгө дейре, жылмая карап турду. Ушунда гана, коркконунан тамагы кургагансып кеткен бала, ичиши менен жеңилдеп. Кесени кайра артка сунду. Андан соң:
-Мурда да келгенсиң го, ээ балам,- деп сөзүн алынын келишинче жумшактап Сарыбайдын сураган болгонуна, бала:
-Жок, бул жерге биринчи жолу келишим. Мурда да келгем, бирок анда ылдый жактан эле кайткам, мынчалык бийиктикке чамам жеткен эмес,-дегенинде, кесени карай, кайрадан кандайдыр бир санаага батып баратканын көргөн Сарыбай :
-Аа балам, болду. Түшүнүктүү. Тереңдеп көнүмүш адатка айланып бараткан нерсе турбайбы,- десе:
-Муну менен эмнени айткыңыз келип турат, ата?- деп бала өңү бузула сурады.
-Хм...Балам, Адам баласы бийиктикке чыкса да, тереңдикке түшсө да, алгач, биринчи кадамына экинчиси өбөлгө болуп, бул кадам салуусу адатка айланат,-деди да Сарыбай, уланта.- Жакшылыкта, ар кадам адамды бышыртып, жетилтип, акылды курчутуп, ийгиликке жеткирет. Ал эми жамандыкта, аң-сезиминде орун алган ар кадам жаман адат кейпин кийип, бара-бара дартка айланат, кеселдикке алып келет,- деп жооп берди да Сарыбай, кошумчалап:
-Бул дарт, көнгөн адат калбайт, уйга жүгүн салбайт, деген эскертүүгө акылы маани бербей калганынан башталат. Анан бара-бара, балам, сөздүн маңызына маани бербеген адам, эстүүлүгүн жоготот.
Ордун.
Кыял.
Түркүн кыял.
Каалоо сезимдеринен түзүлгөн.
Адат ээлеп калат да кеселдикке багыттап, дартка айлантат. Акылы бар, эси жок,- деп Сарыбай айтайын дегенин улантарда. Бул сөздү уккан бала, ичи бүкү-түкү боло түштү. Бирок акылы байкаган менен, бир нерсе ичиндегисин мойнуна алганга жар бердирбей жаткансыды. Анткени, таарынган өспүрүм, бала кыялында чындык издеп, жалгыздык өмүр сүрүүнү каалап келген.
Ал эми Сарыбайдын адатка айланган көрүнүш дегендигинде, бул бийиктикке чыгып, жалгыз жашайм, деген оюн, Сарыбай билип койгон сыяктуу, баланы ардантты. Дал ошол маалда, ызаланткан курбулары эсине келип, бала жалгыздыгын өңүндө кабыл алгандай болду да, эмне үчүн?- деген суроо жан-дүйнөсүнөн ый менен каргылданып чыга тургансыды. Бирок:
-Ата, сиздин айтууңуз боюнча... Менин жашоом, оюм, өмүрүм-бир адатбы?- деп узаткан башкача суроосу өзүн таң калдырды.
Бул учурда баарысын туюп-билип турган Сарыбай, бул аралыкта эмнеге жашыраак кезиндегисиндей тоого чыкканын, акылы так баамдагандай болду. Алдыны карай бул өжөр, көк, көзү жашылданып чыккан бала өзүнүн келечегине балта чаап койбосун деп, сөздү керектүү нукка бурууну чечти.
Ошол себептен, кайрадан жылмайып:
-Ээ балам, сенин ичиңде да, менин ичимде да бир гана чындык бар,- деп айтты.
Жаны кашайып турган бала:
-Ал эмне болгон чындык?- дегенинде, терең кайгы менен кейишти көрүп турган Сарыбай, баланы бул акыбалдан алып чыгыш үчүн, маекти көңүл ача тургандай, тамаша үн менен:
-Ээ баатыр, ал чындыкка жетүүнүн алдында, ар бир нерсенин аты болот демекчи, адегенде экөөбүз таанышып алалы . Менин атым Сарыбай, а сенин атыңчы?- деп ырсая күлгөн суроосуна:
-Менин атым Акыл,- деши менен, бала бир аз томсоро түшкөн болду.
Бул атын уккан Сарыбай, баланын аты айтайын деп турган сөзүнө, түп ылайык болгонуна сүйүнүп:
-Оо балам, атың абдан жакшы ат экен. Сенин атыңды ким койгон билесиңби?- деди эле Сарыбай. Бул учурда күлүмсүрөгөнүн жактырбагансып, бала көзүн жалт көтөрүп, Сарыбайды бир тиктеп алды да:
-Билем. Чоң атам. Акыл-эстүү болсун деп, чоң атам койгон экен.
Бул жоопту уккан Сарыбай, жаш балача кубанып:
-Ээ баатыр, сенин атың тээ илгерки бүт адамзатка таанымал Акыл-эс улуу жоокердин атындай турбайбы. Бирок кылым-замандар оодарылып, алмашып, Акыл-эс – Ахиллес болуп өзгөрүлүп кеткен,- деп сөзүн уланткыча:
-Мен дагы бул туралуу бир макаладан окугам,- дей салды бала.
Анын сөзүнөн улам, аң-сезиминде жоокерлик орун ала элек, жаш баланын акылы, кичине болсо да, Ахиллести элестетүүдө, баатырлык сезимин жаратканга амал кылышын, көргөн Сарыбай, каткыра күлүп:
-Ооба, балам, ооба. Экөөбүз бир эле макаланы окусак керек,- деп карылуу колунун алаканы менен аста-аста, эки-үч жолу баланын далын таптагандай болду да.- И-ий баатыр, ал макаланы окусаң, анда ичибиздеги чындыкка жетиш, экөөбүзгө көп оорчулукка турбас,- дегенине бала карыянын оюн түшүнгөн сыяктуу:
-Тарых менен медицинага кызыгам,- деп ичиндеги сыры менен бөлүшкүсү келгенсигендей, толкундана түштү. Анткен менен, ачыла албай. -Бул экөөнүн кандайча экенин билбейм. Бирок окшоштугу бардай мага сезилет,-дегенинде, оозундагы сөз бошураак чыкканын туйган Сарыбай:
-Аа, мунуң туура, балам. Туура. Туура. Бул сөзүңдө чындык бар, тарых курулган сыяктуу, медицина дагы адамдын эмнеден куралып-түзүлүшүн эле эмес, кандай амалдардын башатында эмне жатканын, жыйынтыгында эмнеси турганын, тастыктаган илим эмеспи. Тарых да, медицина да түздөн-түз адамга байланыш. Ошондуктан балам, сенин айтканыңда чындык бар дегеним ошол себептен. Тарых менен медицинада окшоштугу эле эмес байланыш дагы бар. Эми, Акыл балам, чындык туралуу билгиң келсе, анда тарых-бул медицинанын күзгүсү,- деп кесерээк айтканына, өспүрүм:
-Кандайча?- деген суроо узатты да, таң кала аны карап калды.
Ошондо гана баланын акыбалы, бир аз капалыктан арылып, кызыгуу жаралганда, Сарыбай шашпастан аякты колуна алды да, чалаптан бир-эки ууртап, тамшануусунда чаңкоосу булуттар шамал менен айдалгансып кете, күндүн деми сымал, даанышмандык купулуна толо жүзүнө чыкты да, Сарыбай эч кимди, эч нерсени туйбагандай акылбалга түшкөнсүп, үнү адегенде басаңдап, акылы менен,-манасчы убакытты барактаган сымал, шашылбай жанындагы өспүрүмгө:
-Эээ, Акыл балам,-деп кайрылып алды да, жай улантты.-Тарых, медицинанын күзгүсү дегенибиз, медицина – илим. Демек доордун көрсөткүчү болуп илим эсептелет десек, жаңылышпасбыз, балам. Коомдун илимине жараша көрсөткүчтөрү дегенибиз, бул тарыхта орун алган адамзаттын жакшы жетишкендиктери. Ошол эле учурда баса белгилеп койчу оор, өкүнүчтүү басып өткөн убакыттагы доорлору. Ошол кайгылуу доорлор, медицина деген илимде, адамдагы оору-дартка окшогон маал сыяктуу кылымдар. Дарттын ар түрү болот. Бири дене- мүчөбүзгө, экинчиси акыл-эс менен жан-дүйнөбүзгө тиешелүү. Үчүнчүсү булардын тыгыз байланышынан келип да чыкчу дарттары бар десек, чындыкка жакыныраак болот, балам Акыл.
Ээ балам, адам табияты боюнча -көчмөндөр. Жер бетинде жайгашкан ар элдин азыктанганына ылайык, мүнөздөгү көрүнүшкө айланган, адаттарын аныктаган сыяктуу, аалам камтыган жылдыз- галактикалар, эмнеден түзүлүп -токулганын сезебиз.
Газыбы, суусубу, башкасы болобу.
Ага Адам баласынын мээси.
Дээги эле бүтүндөй нерв системасы.
Мүмкүнчүлүк берет.
Илгери да илим болгон. Мээ жана рух туралуу илим. Ал ата-бабабыздан калган мурас. Ошол байыркы илимдин калдыктарынан, эл оозунда Эр-төштүк туралуу баян калган. Тээ илгерки заманда. Өз табиятын жакшы талдаган мураскор ата-бабабыз ар нерсеге өзүнүн атын берип, атап, салт түзгөн доордо, сендей эле өспүрүм, денеси 90% суудан жана жер сыяктуу, белгилүү түркүн заттардан түзүлүп-токулганын сезе туйган экен. Аларды балачактан эле бөлө таанып, сүйлөнүү үйрөтүшүптүр,-деди да Сарыбай, уйкудан ойгонгонсуп, жылмая өз баласындай, аталык сезими менен Акылды карап, бир аз токтолду.
Буга, чочуркап - жактырбаганы жазылып, ичинде кандайдыр бир нече суроо пайда болуп калган Акыл:
-Ата «бөлүп» дегениңиз кандай? Ал эмне?- деп суроосун бере салды.
Бул учурда Сарыбай, бул жалгыздык күнүн көрүү аралыгында, кырк күндө бир, азык-түлүк алып келип берип жүргөн баласын, эстеди эле. Сөзүн бир аз токтотуп, өспүрүмдү тиктеп калганы, ошол себептен болчу. Ал эми баланын суроо берген маалында, Сарыбай баштагыдай эле жылмая:
-Ээ-э балам, бөлүп деген, сен медицинага кызыгат эмессиңби. Бөлүп деген бул – денени денедей, жан-дүйнөнү жан-дүйнөдөй таанып кароо. Жанагы айтылган илгерки же болбосо келечектеги муундун балдары “суусадым” деп айтпайт, алар “денемдеги суунун көлөмү төмөндөп кетти, аны толуктап коюушум зарыл” деп түшүнүшөт имиш,- деп жооп кайтарып, күлүмсүрөп турган Сарыбайдан, көзүн албай турган өспүрүм эми гана маектеши сымал ырсая күлүп, көңүлү ачылды да:
-Ой, ата, анда алар суусаганын тигинтсе, курсак ачканда пайда болгон сезимин “заттардын жетишпестиги” деп билишеби,- деген сөзү менен Акылдын көңүлү толук ачылгансып, каткыра күлдү. Анын күлкүсүн уккан Сарыбай, баланын көңүлү ачылышына кубанып, баланы коштоп күлө:
-Туура. Дал ошондой балам,- деди да, ичинен: “Бала сезимтал да,”-деп курсак ачуу-бул сезим экендигинин шарт тастыстаган баланын табиятына ыраазы болуп, кошумчалап:
-Бирок ар бир тамашада, балам, чындык бар дегенди эсиңе ала жүр,- деп алдыда турган кесесин сол колу менен алып, чалаптан дагы бир-эки ууртаган соң, оң колу менен ак түшүп калган жүзүндөгү мурут-сакалын сылады да, күлкүсүнөн тартынып, жерди карап калган баланын маңдайынан да бир эркелетип, колун өз тизесинин үстүнө коюу менен, күлкүсү бара-бара токтолуп:
-Ошондой балам, ошондой. Эң татаалды кабыл алыш, өтө эле жөнөкөй нерсени түшүнүүдөн башталат. Жөнөкөйдү баамдап, тастыктап коё албаган, бара-бара жаңылышат, адашат.
Ээ балам, тарых. Тарыхтагы байыркы эпос, мифтер илимдин кузгүсү болуп, бизге адамдагы руханий байлыктарды көрсөткөнү-бул медицина. Ошол замандын илиминин көрсөткүчтөрүнүн денгээлинин белгилери.
Эр азаматты намыс өлтүрөт деген сөз, Гектардын курман болгону. Гектар,-деп Сарыбай ойлонгонсуп бир токтоду да.- Ахиллес бу Адам баласынын акыл-эси болсо, Гектар-бу намыс, балам. Жанагы акыл-эстин ордун адат ээлейт, деген кеп ошондон калган. Акыл-эс, эрк менен намыс калбаган соң, балам. Албетте, жаман көрүнүш адатка айланат. Эси жоктук – Елена жана арсыз -Парис өндүү көрүнүштөр, балам, аң-сезимде орун алып, адамды бийлеп калышат,-деп Сарыбай кайрадан туңжурап, кандайдыр бир тереңдикке чөмүлгөн акыбалга келди да:
-Окуунун.
Билим алуунун эки жолу бар.
Биринчиси, сен укпаган туюу жолу.
Экинчиси, белгилүү, окуп маалымат сыяктуу билип алуу багыты.
Биринчиси. Биздин тээ илгерки ата-бабага таандык.
Алар көрүп-укканына да, сезип туйганына да сөз жаратып, ат коюусунда ат коюп, атаганын атаган.
Өз ичиндеги жан менен рухту, акылы туйган сымал. Мейкиндиктеги кургакчылык менен нымдуулукту, адегенде сезе-туюп анан атаган, балам.
Адам баласынын өз табиятынан кабары жок, ээ баатыр. Аны сезбей жатат.
Адам баласы токойдон чыккан эмес. Айбандын. Жаныбар, айбандын табиятындагы талашып-тартышуу, жашоо үчүн күрөшкөн амалдары Адам баласына ылайыксыз.
Аалам биринчи жарылуудан баштап. Үлгү катары чексиздикке кеңейип баратса, көпчүлүк сыяктуу сокур намыска алдырып таруу, балам, табиятыңа карама каршы амал,-деп жай үнкүрөгөнсүп токтолгонуна, бала:
- Мен...Мен...-деп өзү туралуу кеп болуп жаткандай кабыл алып, кегечтене үнү каргылданып чыкканда, ичиндеги бир нерсе бир-сыйра дене боюн туйлатты. Бала колдоруна жай таптыра албай, мандаш токунуп үстүндө отурган чапандын бир учун чойгулай, тарткылай баштады. Анан, бир маалда болгон бүт эркин топтоп. Урушуп тура кетип койчудай:
-Ата, “өз табиятыңа карама-каршы амал” деген эмне? -деп сурады. Айласы кетип турган сыяктуу чыккан баланын үнүн байкаган Сарыбай боору ооругансып, оң колунун алаканы менен мойнунан эркелетип:
-Балам, киндик кесилет. Бирок эне менен баланын ортосундагы табиятты үзүү мүмкүн эмес. Ошол сыяктуу, Адам баласын таасирлентип турган ар кыл нерсе бар. Бири акылга дене-мүчөдөн кабар берет. Ал жанагы адамды кээде кыялданткан, дененин азыгуусу. Чаңкоо, ачкалык, көңүл ачуу жана оору сыркоодон пайда болгон сезимдер.
Экинчиси, бул Адам баласындагы адат жана ой.
Эми эң негизги, үчүнчүсү. Адам өтө сейрек көңүл бурган.
Өз акылы, жаны жана руху.
Жаратман дүйнөсү.
Буга ойдун күчү жетпейт. Ой туялбайт. Ойлогон ойду, ата-бабабыздын, кыстаган турмуш жеңет дегендиги,балам,-бул Ахиллестин иниси болгон Патроклдун ажалы. Же болбосо ойдун ишке ашпагандыгы.
Патрокл,- деп Сарыбай өспүрүмдү бир сынагандай тиктеп,-
-Патрокл ой сыяктуу. Анын мамытчылык күчү жок.
Ой, тээ аң-сезимдин тереңдигиндеги дилдеги пейилди, акыл сыяктуу туялбайт. Жакшы жаманды. Жакын алысты көрө албаган ой, пейил табиятын тастыктап алганга чамасы жок. Ага сенин. Сенин атыңда катылган заттын гана күчү жетет,-деп Сарыбай кайрадан токтолду, бала болсо ал учурдан пайдалана калып:
-Ата, акыл менен ойду кантип айырмалайм?-дей салды да. Ичиндеги сырын алдырып койгондой, оң колу шыйрагын көздөй барып, кызыл ашык туштан, бармагы, Ахиллестин бутуна жаанын огу кирген жерине, батты, сол колу оң колунун үстүнө барып, алаканы билектен кысканда, бала, ичимдеги сырды билдирип койдум, деген оюн дап-даана туйду да, аңкая Сарыбайды карап калды.
Ошондо гана Сарыбай баланын ичиндеги, пайда болгон үмүттү байкап:
-Ахиллеске таандык куралдардын эң баалусу кайсы? Айта аласыңбы, балам?- деп Сарыбай дагы бир сынап, суроо берген болду да. Бирок:
-Ээ-э балам, бу Адам баласынын акылы, көдөнүнө жараша, кээде кер, кээде көр болот,- деп улантып коюп, баланы карай жооп күтүп тургансыды да, андан соң, балага жардам бергиси келип. Сөзүн да, үнү сыяктуу созо, жомокчу сымал :
-Ээ-ээ-ээ-эй кер акыл.
Ээ сен кер, көр акыл эмессиң! Ойгон!
Сен Гераклсың,-деп бирөөлөр кыйкырганда , ансыз деле жүрөгү сыгылып турган көкүрөктүн деми ачылып, дилиндеги жан-дүйнөсү руханий ойгонуп, көдөнүнө толо, эрки күчөп, чынжырларын үзөт го.
Ал.
Акыл, экендигин элестетип.
Акыл.
Курч көрөгөч акыл экенин эстейт эмеспи,- деп Сарыбай, көкүрөк мойнун өйдөнү көздөй чалкалата көтөргөн, бир аз оозу ачылып калган баланын алайган көзүн караганда, бала маектешинин табышмак сырын тапкандай:
- Аа-а. А-аа ЭЛЕС
Ахиллестин эң күчтүү куралы-бул элес.
Акылдын элеси,-деди да:
-Ата, а Геракл дагы- бул акылбы?-деп Сарыбайды кызыгуусу күчөп, жалдырагансып , отуруп калды.
-Акыл балам, медицинага кызыккан соң, баш сөөктө катылган мээ тууралуу деле көп нерсени окуп, билип алгандырсың.
Эми, балам. Мээ деле орган болгон менен. Кол, бут сыяктуу адамдын акыл, эркине баш ийе турган жайы бар, балам.
Бирок Адам баласы табиятына ылайык сезим жаратып, күчтөнбөй калды.
Ата-бабыздын илимий жолу катары кабыл албагандыктан, Адам баласын жасалма интеллект сымал, мээ башкарып калат.
Илгерки бабаларыбыз аң-сезим аалам сымал, чексиз өнөр, кыял, сезим, адаттарын батырарын туюп билишкен. Ошол себептен 70 өнөр аздык кылат, деп бир гана аң-сезимди эмес, мээ тууралуу айтышкан. Акылдын күчүнөн, мээнин сырдуу күчү кем эмес! Мээнин сырын ачып, Эр-төштүк баатыр өңдүү колдонуш , кыз-жигитке – парыз,- деди да, көпкө дейре баланы жылмая тиктеп туруп калды.
Экөөнүн тиктешүүсүндө , бири: “Мээде орун алган аң-сезимибиздин бир гана бөлүгү акыл, жан, рухтарга тиешелүү. Калганы дене -мүчө, анын ээси болгон өзүмчүлдүккө таандык экенин жана оркойгон, керлигинен көрлүгү ашкан адат дүйнөсү орун ээлегенин, кабыл алып түшүнөөр бекен,”- деп турса. Экинчиси : “Бул эмнени айтып жатат? Мунун айтканында чындык болсо, бул чындык мага кандай жардам берет?”-деп курбулары менен түзүлгөн кырдаалы, сыздатып турганын, сезген Сарыбай, күлүмсүрөп:
-Балам, алгач туюу сезимин күчөтүш зарыл.
Ал.
Анын күчөшү.
Бул көп маселелердин.
Чечилиши.
Ичтеги сырларын ачылышы.
Иштин оңунан чыгышы, - деп сооротконсуп сүйлөдү да, улантты:
-Бул акыбалда, Адам баласынын туюсу кеңейип, акылды курчутат.
Бул шартта, акыл тартылуу күчүн сезе, анын өзөгүндө эмне жатканын кошо туят.
Материалдуулук-көзгө, колго илинген дене-мүчө дейбизби же дүйнө дейбизби, ал нерсенин өзүнүн жаралып, пайда болуш тартиби да, табияты да бар. Генетикага баш ийип, ал өз алдынча, адамдын денеси болобу, гүлдүн сабагы болобу, өсө берет.
Ал эми адам ичиндеги руханий дөөлөт кантип оттой жалыңдап, көтөрүлүшү керек балам. Ээ, атаңдын көрү дүнүйө. Атанын кебин түшүнбөй, тар заман десе.
Өзүн.
Өзүн карабай караңгылыкта, эки жактан кайсалап издеген көр заман.
Эне тилинин дилин туйбай, сөз деп гана тааныган, кер заман.
Адам баласынын мүмкүнчүлүгүн чектеген тар заман…
Ээ-э балам, баарын баамдап турган акыл.

Мейкиндикти биз узуну, туурасы, бийиктиги деп өлчөгөн сыяктуу дене- мүчөгө байланыштуу өлчө бирдиктерин биз бой, салмак менен эле чектебей, суудан тышкары баланста турган көптөгөн зат, элементтер, атүгүл бактерия, микроб, вирустар менен өлчөйбүз.
Ал эми.
Эс тутум, балам, аң-сезимдеги акылдан тышкары, сууда да бар экенине ой жүгүртүп, нерв.
Булчуң.
Иштөө тартибинде да.
Орун алгандарын, тастыктап алсаң, адат деген эмне экенин түшүнөсүң да, анын, адаттын – акыл, жан, рухтарга тиешеси жок экенин тастыктайсың.

Жанда бир гана мээримдүүлүк бар,- деп Сарыбай бир аз үн какпай турду да.- Тирүү жан,- деп үнүн жай созуп чыгарды да, Акылды бир тиктеп алып.-Тирүү жан,- деп дагы бир ирет кайталаган соң, көпкө дейре унчукпагандан кийин.-Жан тирүү, балам,- деди.-Анын даамын татыш -акылга милдет. Тирүү жандын даамын тактан гана,-тирүүлүккө баа берет. Ошондуктан, Акыл балам, ажал келгенде гана, Адам баласы ар баалуулуктан тирүүлүктү жогору коёт.
А рухта бир гана жаратмандык күч катылган. Бул аң-сезимди түзгөн бирдиктердин экөөсү бир нерсе алганга, талап кылганга муктаж эмес. Биринде мээримдүүлүк тартулоо гана бар. Экинчисинде жаратып, арноо салынган. Ал жаратман. Ал рух. Бул экөө акыл менен биргеликте, аң-сезимдин түпкүлүгүндөгү табиятына ылайык жаратман күч. Булар дене өзүмчүлдүгүнө карама каршы берешен. Өзүмчүлдүк алганга, толуктаганга муктаж болсо, булар жаратып, мээримдүүлүк менен тартуулогонго шашкандар, балам,- деди дагы Сарыбай, тоонун кырын көздөй карап.-Балам, күн батаарына жакындап калыптыр, сен үйүңдү карай ылдый түш, мен сени азым-аз болсо дагы узатып, сөзүмдү улантайын,- деди эле Сарыбай.
Бул учурда баарын кунт коюп угуп турган өспүрүм:
-Ата, бир аз коё туруңузчу. Сиздин сөзүңүздөн улам… Менин ичимдеги, сиз айткан пейил менен аалам бир,-деп токтолуп калганда, Сарыбай кайрадан жылмая күлүп, баланын маңдайынан эркелете, анын туура кабыл алып, түшүнгөнүнө, ыраазы болгондой:
-Ооба, балам, дал ошондой. Сенин да, менин да ичимдеги бир чындык так ошол. Биринчи, Ааламды пайда кылган чоң жарылуу менен сезим жаратуу… Адамдагы сезим жаратуунун табигый окшоштугу бар. Биздин аң-сезимибиздин өлчө бирдиги болгон, дилдеги пейилдин жана ааламды кеңейткен заттын табияты бир. Ага текеберлик көрсөткөндүк – энени көздөй чыккан ок.
Илим ордунда турбайт.
Азыркы,
Адам баласы жараткан коллайдер.
Өркүндөтүлөт.
Ошонун негизинде убакыттын өлчө бирдиктери аныкталат.
Андан соң. Адам баласы, ааламдагы кайсы бир өлчө бирдигин.
Өз аң-сезиминен табат,-деди да Сарыбай, баланын маңдайында турган колунун алаканын өспүрүмдүн оң ийнине мээрим менен коё:
-Жүр, балам, ылдыйды көздөй басалы,-дегенде, бала шашып көөкөр менен аякты куржунга салып, жыйнаштырайын дегенин, түшүнгөн Сарыбай:
-Балам, тим эле кой,-деп колунан тарта.- Мен кайра бул жерге келем,-деп, баланын ийнинен кучактап алып , ылдый биринчи кадамын таштады…
Бир аз баскан соң, бала:
-Ата, сезим жаратуу, дегениңизде ... Сезим жаратууну түшүнө албай жатам,- деген суроосуна, Сарыбай:
-Ачкалык сезимин акылың күндө сезип туяттыр, балам. Туурабы? – деди.
-Оба, ата, туура. Сезет,- деген макулдугуна ал:
-Ал сезим кантип пайда болот? Аны, Ачкалык сезимин, бу жок нерсе деш,-өзү туурабы?-деп кайра суроо узатты.
-Жок, ата, туура эмес, - деген соң:
-Эми, балам, бу ачкалык сезимин -,деп Сарыбай бир күлүп алды да.-Жана экөөбүздү күлдүргөн ачкалык сезимин, мээ жаратып атат. Денеге бир нерсе жетпей атат, деп мээ жаратып атат, балам.
Ал эми башка кыял, сезимдердин күндөлүк турмушубузда – бул ойдон пайда болушу,- деп алды да Сарыбай анан цлантты:
-Ачууланасыңбы, кубанасыңбы-ойдун сезими, ойдун кыялы алсыз. Бир гана акыл, акылдын кудурети намысты.
Кайраттулук менен сабырды, мээримдүүлүк менен айкөлдүүлүктү ойготуп, Гераклдай күч алдырат. Ачкалык сезиминдей сездирип.
Акылыңа туйдурат.
Сырдуу, табышмактуу рух менен жандын дарбазаларын ачып, касиеттерге ээ кылат.
Эне.
Боор деп сүйлөтүп, туйдурган эне тилиңди канаттуга кактырба.
Прометейдин боору сымал, көрүнгөн кушка чокутуп, ичиңдеги айкөлдүктүн бүдүрү болгон даанышмандыкты өлтүрбө, балам.
Боордоштукту.
Боорукерликти туйсаң, ойгоносуң, балам. Геракл ойгонгонсуп, рухуңду көтөрүп, бооруңду куштан куткарасың.
Бул чакта, жаныңды сезип, мээримдүүлүктү акылың туят.
Анан гана, рухуң жубун,- жанды тапкан соң, ээ балам, ааламдын бири болгон шейит-Аид дүйнөсүнөн баштап, 18 миң ааламды титиреткен айкөлдүктү туясың, балам.
Бул жол сени мамыт, жайчыдан тээ илгерки калканчы, кайыпчы ата-бабабыздын мурас кылып калтырган улуу жол экенин, таанытат.
Ошондо гана, эй балам,
Манас өңдүү баатырдай,
Чагылгандай чартылдап,
18 миң ааламга
Жыра киргенин так туюп,
Бир гана айкөлдүк менен акылмандуулук
Ал ааламдарды титирете ала тургандыгын сезип, аларды көздөй бет аласың. Акыл менен айкөлдүк жаратасың. Айкөлдүк сезимин жаратып, жаратмандыкка ээ болосуң.
Ичиңдеги боорукерлигиң, балам, айкөлдүккө – көпүрө. Ал дайыма эсиңде болсун, балам...


Проект “Школа Личностей”
Абу Саид дервиш псевдоним
По всем вопросам обращатся по номерам:
0771000944(Whatsapp)
0999733745
Опубликовано: 28.11.2019 16:51
Обновлено: 19.12.2019 00:33