Аккелте. "Атаңдын көрү дүнүйө"... Проект « Школа Личностей »

Договорная
Продаю
Жаңы жылыңыздар менен!
Манас - Адамды Адам кылган негизги илим…

Аккелте

Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багыты…
…Барып-барып аң-сезимдин ачылышына алып келип, геномдордун ойгонуусуна түрткү берет…
Урматтуу окурман, бу жарыктык батыш эли, атүгүл орус, Кытай кошуна туугандар да илимди жакшы түшүнбөй турган чакта, өзүбүз Манас айтып, дастан улап, Адам эмне экенин, ачып бербесек, атаңдың көрү дүнүйө, кыйын болду, көрүнөт, буларга.
Тиги технология жаратканга алар шыктанган болсо, бу Адам жаратканга десек, албетте, текеберлик болуп калат…
Бирок, алардын кланированиесине ой жүгүртүп, өзүбүздүн даанышман инсаныбыздын, канткенде Адам Адам болот деген сөзүн эске алсак, Адамдын аң-сезимин жогорулатып, касиеттендириш, акыйкатка ылайык эле иш болчудай. Биздин Адамдык парызыбыз, негизги вазийфавыздай болуп калчудай байкалат. Себеби, кылымдар бою аян сыяктуу келип жаткан Манас илимин айт, деген сырдуу күчтө кеп жаткандай.
Кыргыз илим-билимине таянып, үрп-адат, салтты нарктап келиши, генетикадан, илимдин атасы болгон генетикадан, Адам табиятынан кабары бардыгынан. Ата салтын жолдогон акылы каяктан келип, каяка барарын туйгандыктыгынан.
А бу жарыктыктар технология деп, көзөмөл камералардын күчү менен Адамды гуманизм, Адамдык касиетке ээ кылабыз дейт, окшобойбу.
О-о Жараткан!
Ээ, Катыгүн, бу Дарвин деген неме жана аны колдоочулар, Адам баласынын аң-сезиминин кабаттарынбы же катмарларынбы, атаңдын көрү дүнүйө, «первобытный», «рабовладельческий», «каменный», «феодалдык», «капиталдык» деп бурмалап, жөндөп салган, окшобойбу.
Адамдын аң-сезиминин деңгээли жердин түзүлүшүнүн катмарлары сыяктуу эле «литосфера», «биосфера», «гидросфера», «атмосфера» дегендей, акылы ар бир катмарын, адегенде туюп, анан ачуусунда жогорулайт. Мисалы: буддисттер манасиядан алган илимден, аларды «чакралар» деп таанышып, ойготконго умтулушат. Башкача сөз менен айтканда, өзүнүн ичиндеги гуманизмди, адамдык касиетти ойготуп, «просветлениеге» жетүүнү эңсещет.
Ал эми биздин эл аларды жети ген деп илгертен талдап, оозеки сөз менен айтып келген. Жана чоролор деп сүрөттөп көрсөтчү. Же болбосо нарктуу эл катары салтка таяп, «кыздын кырк чачы улук» деп белгилеши,- илимдүүлүгүнүн көрсөткүчү.
Жанагы гендер теңдешчилиги деген - бу тайкы, батыштан келген түшүнүк. Кыргыз, атаңдын көрү дүнүйө, тең деп эмес, эзелтен улук деп сыйлаган.
Себеби Рух, адегенде, биринчи чоң жарылууда жарк этип, жан-сезимин жараткан.
Жан,- бу рухтун биринчи жаратканы. Алгачкы материя. Жан тирүү…
Отту… Тирүүлүк жашоо отун жандырган рух, дечи… Анткен менен аны сактап туруучу – бул аялзаты.
Демек, жан, атаңдын көрү дүнүйө, бул - айдай болгон рухтун кызы, анда бир гана мээримдүүлүк бар. Рух, жомок сымал, берилген илимде, – кайын-ата.
Ал эми, суунун эс тутуму бар демекчи, анда орун алган Акыл-эс, бу – эр азамат.
Демек, акылды, - бул сезип, туялган сыпаты, көрөгөч сапаты үчүн, илим деп да белгилеп кетүүбүз абзел.
Жүрөк сезгенди туюп, эстеп калуу - бул интеллектуалдык, же жалпак тил менен айтканда, даанышман жана акылман геномдордун сезген гендиктери.
Бездер сезген генде Адам ооруйт. Геномдор сезген генде, Адам күч алат, касиеттенет. Гормондор жетилип, ойгонгон сыяктуу.
Урматтуу окурман, батыштын илими адамзатты алсыратып, бир гана дене-мүчөгө тиешелүү анатомияны берип койгон. А негизги аң-сезимге, акыл-эске, жан-дүйнөбүзгө тиешелүү, бул биздин ата-бабабыздын Манас илими.
Генетика деп, биз дене-мүчө менен өзүбүздү чектебешибиз керек. Генетика эт менен сөөктөн тышкары, албетте, үн, мүнөз жана акыл-эске таандык геномдорду камтышы зарыл. Ошол эле учурда, жыныстык менен жашты эске алып, билим-тарбия алкагында ата-бабабыздын оозеки сөз менен эпос, дастандар аркылуу илимди жеткирген аң-сезиминин эң жогорку деңгээлине жетүү, урпактарга,– негизги маселе.
Булбулдай сайраган, төккөн акынчылык, дастан, эпос айтуу – бул кандайдыр бир интеллект геномуна окшогон, өнөрчүлүк геномун жандантуу.
Адамда геномдун түрү көп. Бири өң, түскө жооп берсе, экинчиси санды тейлейт, үчүнчүсү сезимталдуулуктун, сезим дүйнөсүнүн ачкычын ээлейт.
Эпос, дастандардын Адам баласын баатырлар менен чагылдыргандыгынын сыры – акыл жана жандын материялары: бири булактын суусундай, экинчиси көз жаштын тамчысы, наристенин деми сыяктуу, эң таза заттын частицаларынан токулган.
Ал эми, ааламда түркүн Адамга зыян да, уулуу да элементтер орун алгандыктан, акыл менен жандын геномдорун булгабай, бузбай, көздүн карегиндей сактап калыш үчүн, эрк, рух өңдүү күчтөр коштоп жүрөт.
Бир жагы, бул жети генди түзгөн акыл, намыс, адамгерчилик. Экинчиси сүйүү деп эле майдаланып, ал сезимди, адегенде, акылы туйбай, тааныбай, көрүнгөнгө көз сүзүп, кол сунгандан сактаныш үчүн уят, намыс гендерин ойготуп, алардын күчүн туюш, - Адам баласына милдет.
Баатырдын жүрөгүндөгү элине, жерине, ата-бабанын мурас наркына болгон сезими – так ошол чыныгы ак, таза сүйүүнү көргөзгөндүгү.
Сүйүү – бул өзүнчө кыл көпүрө. Аны туюш жеңишке ээ кылат. Жаңылып, адашканды жамандыкка алып барат.
О-о Жараткан!
Сүйүүнүн күчү керемет. Сүйүүгө чек жок. Чыныгы сүйүү – Адам баласынын акылын он сегиз миң аалымды жыра өтүп, Жараткандын алдына жеткирип, тизе бүгүп, таазим кылдырганга күчү бар.
Э-э Жараткан!
Адам баласын караңгылыктан сакта.
Караңгылык – бул илимсиздик. Илимсиздик – бул акылсыздык. Акылы жоктун,- эси жок. Эси жоктун наркы эмес, уяты жок. Уяты жоктун, дили жок. Дили жок Адам караңгылыкта калган, көздөн, тилден, кулактан айрылган Адамдай.
Барып-барып караңгылык кара өзгөйлүктү жаратып, нескаралыкты ойготот.
Акыл менен жүрөктөгү мээримдүүлүктүн , - бири соот-шайман, бири курал болгон дил, уят, намыс геномдорун ойготуп, туюш – Адам баласына парыз.
Ошол себептен, бул Жаңы жылдын башында эң жөнөкөй ыкма менен биз ылдыйкы саптарды эки кичи дастандын обонуна салып, акыркысын, аягын Манас айтуу рэп өңдөнгөн добуш менен окууну сунуштайлы деп чечтик.
Бара-бара бул түшүнүктөр үн, сөз аркылуу обон менен коштолуп, ичибиздеги негизги, Адамды Адам кылган, жети эле эмес кошумча өнөр, талант, жөндөм каткан кырк чорого же кырк геномдорго жеткенде, эң күчтүү ыкмаларын колдонгонго акылыбыз, эркибиз да көнүгүп калат да жайчылыкка, калканчылыкка бет алат.
«Курманбек» дастанынын обону менен баштап «Жаныш-Байыш» дастаны менен улантып, Саякбай Каралаев атабыздай: « Мына ошондо кырк чоро…» - деп он сегиз миң ааламга жан-дүйнөңүздүн күчү жеткидей үн, добуш менен актагыла…
Бул жерде баса белгилеп кетчү нерсе, көнүгүүнүн негизги талабы, бу, - мээни курал же кандайдыр бир технология катары колдонуп, үйрөнүүгө багытталышында жатат. Ошол себептен, обонго салып, кандайдыр бир кырааты менен айтууда, акылыңыз мээнин элес функциясын колго алып, рухтун күчү менен, мисалы: Аккуланы элестетүүдө, аны жандандырганга чейин, тирүүдөй туяктарына чейин туйлатып, атаңдын көрү дүнүйө, жүрөгүнүн кагышын, демин сездиргидей, атүгүл жылкы жаныбарынын жытын, атаңдын көрү дүйнө, мээнин күчү жаратканга чейин жеткириңиз. Ошондо, акылыңыз материализация дегенди же болбосо рухтун жаратман күчү, эмне экенин, туят…

*******

Айланайын, кыргызым,
Жаңы жылың кут болсун!
Жаңы жылга бет алып,
Аккулаңды минээрсиң.
Чоң казатка аттанып,
Чоң казатка чыгууда,
Кичи казат үстүндө
Жетишээрлик айбалта.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Анын күчү-курчтугу
Кара дөөнү башында
Атаңдын көрү дүнүйө,
Алсыратаар айбалта.
Алдох-гүй, алдох-гүй.
Адегенде айбалта
Кара дөөнүн
Кара жүздүү
Атаңдын көрү дүнүйө,
бузукулук оюнда
Арам ою турганын,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Нескаралык жатканын
Бөлүп жарган элиңди
Атаңдын көрү дүнүйө,
Айкөлдүгүң көрөөрдүр.
Алдох-гүй, алдох-гүй
Жердешчилик адатың,
Уруучулук дартыңды
Атаңдын көрү дүнүйө,
Даанышмандык туярдыр.
Акыл-эстүү жүрөгүң
Ыймансүрөп, күчтөнүп,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Жолойду Кошой чапкандай,
Айбалта сүрү бар эркиң,
Жан дүйнөңдү агартаар.
Алдох-гүй, алдох-гүй
Анан барып айбалта,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Акылмандын колунда
Атаңдын көрү дүнүйө,
Жара чабаар,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Орун алган ичиңде
Атаңдын көрү дүнүйө,
Нескара куш канатын,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Оң канаты – көрө албас.
Сол канаты – ичи тар.
Кичи казат жеңиши
Атаңдын көрү дүнүйө,
Туу көтөрүп,
Атаңдын көрү дүнүйө
Таза жүрөк дилиңди
Асмандагы жылдыздай,
Ар бир гендин бирисин
Жетигендей жандыраар.
Жети гендин башкысы –
Атаңдын көрү дүнүйө
Касиети адамдык,
Алдох-гүй, алдох-гүй
Кийинкиси – Адилет,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Анданкысы – Акыйкат,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Төртүнчүсү – Ынтымак,
Бешинчиси, атаңдын көрү дүнүйө,
Бу алтынчысы болгон
Атаңдын көрү дүнүйө,
Айкөлдүккө жол ачар,
Атаңдын көрү дүнүйө,
…метейдин
Атаңдын көрү дүнүйө,
боорукерлик жылдызы.
Ушул генди ойготкон
Атаңдын көрү дүнүйө,
Айкөлдүктү жар кылган,
Алдох-гүй, алдох-гүй
Жүрөгүндө жалыңдап
Атаңдын көрү дүнүйө- ө-өө!
Чыккан оту
Атаңдын көрү дүнүйө,
Эркиндикти ураандап,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Жетинчисин күйгүзгөн
Жети дубаң толуктап
Атаңдын көрү дүнүйө,
Ынтымакка келтирген
Айкөл күчтүү акылман
Атаңдын көрү дүнүйө,
Жетинчи генди
Атаңдын көрү дүнүйө,
Айдай күндөй
Жарык чачып ааламга,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Кырк чорону ойготуп,
Чоң казатка аттанган,
Эркиндикти жайылткан,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Аккелтеңди колго ал.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Чоң казатта илимиң
Атаңдын көрү дүнүйө,
Жер бетине бүт тарап
Атаңдын көрү дүнүйө,
Туура жолго жол ачар
От жалындай тутантып
Ар гендеги, өнөр менен жөндөмдү
Атаңдын көрү дүнүйө,
Кырк чородой сүрөттөп
Тартуулаган тилиңди
Чексиз аалам камтыган
Атаңдын көрү дүнүйө,
Акылыңды, тилиңди
Бүт, атаңдын көрү дүнүйө!
Адамзатка жайылтып
Атаңдын көрү дүнүйө,
Бабалардын батасын
Атаңдын көрү дүнүйө,
Чоң казатта аларсың…

Проект «Школа Личностей»
0999733745
0771000944(WhatsApp)
Опубликовано: 02.01.2020 17:56
Обновлено: 05.01.2020 01:00