Подать объявление
Doska.kg - доска бесплатных объявлений Кыргызстана

Объявление устарело (Возможно информация более не актуальна)
Аккелте. Феномен. Проект « Школа Личностей ».

Регион: Бишкек
Продавец: Физическое лицо
Цена: не указана
Телефон: отсутствует
Описание
Ак Келте
Акылды курчутуп, аң-сезимди ачып, туйдуруп, геномдорду ойготуубу же эволюциялык өсүшпү?
Урматтуу окурман, биздин долбоор кыска мөөнөттө же болбосо, даанышмандардын, бир күндөн баштап миң бир түнгө чейин адамдын аң-сезиминде эволюциялык өзгөрүүлөрдү жаратыш мүмкүн, дегенинен улам, акылмандардын жана ата-бабабыздын сөзүнө уюп, феодализм, жок, таш доору туралуу өзүбүздүн көз карашыбыз менен бөлүшөлү деп чечтик.
Жаңылыштыктын үстүндө, таш доорду – караңгылык деп, кылым карытып, келечектеги муунду нукура караңгылыкка батырып жаткан жок болбодук бекен, деген кандайдыр бир кыжалаттыктын пайда болушунун себебинен аң-сезим туралуу маегибизди улантайлы деп чечтик.
Ушу күнгө чейин илим-билим тармагында таш доорду, жапайы адамдар таштан курал-эмеректер жасаган доор деп, балдардын таза аң-сезиминде өтө тайкы жана караңгы түшүнүктү, албетте, атайын эместир, жаңылыштыктан, пайда кылып жүргөнүбүздөй сезилет.
Илгерки ата-бабабыз отко, ташка, сууга сыйынбай эле, алардын отто, ташта, сууда кандайдыр бир биринчи чоң жарылуудан баштап сакталган маалыматы менен бирге өздөрүндө сырдуу, табышмактуу күчтөрү бар экенин, акылы туюп жүрбөсүн.
Эми адам болгон соң, илгери деле ата-бабабыз азыркы урпактарындай, бу чоң жарылуунун сырларына кызыктар болуп, чындыкты издегендир.
Сырдуу алманын даамын татыш Адам ата менен Обо эненин эле эмес, баардыгыбыздын көзүбүздү арттыраттыр…
Азыркы адамзат чоң жарылуунун табышмагын колайдер аркылуу тастыктап аныктагысы келсе, илгерки Атлант жана Арий цивилизациялары өзүн таануу жолун тандап алып, бул багытта чоң ийгиликтерге жетишкендей көрүнөт.
Адам өзү – кичинекей микрокосмос дегенде, көп нерсе катылган.
Ыйык китептерден кабары бар баардыгыбыздын акылыбыз оңой эле түшүнөт болуш керек. Адам ата менен Обо эне – бул жогорку цивилизациянын көрсөткүчү. Ошолордун акыл-эсинин, аң-сезиминин деңгээлине жетиш – азыркы адамзаттын максаты экендигинин, канткенде адам адам болот деген суроо же адамсыңбы ыя деген сөз, буга далил катары чыга келет.
Анткени ар бир адамдын генетикалык эс-тутумунда, анын ким экендиги, каяктан келгендиги туралуу маалымат бар.
Ага карабай, бир теориянын артынан келип, бүт дүйнөдө орун алган билим берүү ыкмасы, адамды андан алаксытып, чындыкты көрө алчу акылды, 2 нерсени айкалыштыруунун ордуна, жаратылыш – химия, физика деп, 1 багытка буруп салып жаткандай байкалат.
Адамга, эң биринчи учурда, адамдын өзүнүн ичиндеги процесстердин жаралышын... Же башкача сөз менен айтканда, кайсы себептен кабыргасы кайышып, омурткасы омурулуп жатканын жон териси менен сезип, акылы менен туюп алышы маанилүү го. Эмнеге сай-сөөгү зыркырап жатканда, кантип ар ойго ылайык, ошол замат, кандай жолу менен кыял-сезим жаралышын акыл, адамдын акылы туюп, аныктап алышы адамдын өсүп-өнүгүүсүнө пайдалуу го. Кантип, кантип боор оруу тез адам баласын эрдикке кайрымдуулукка алып барат… Же болбосо жактырбай турганда, жүрөгү сезип, адамдык дилине ылайык кечирим, мээримдүүлүк менен көөдөндү көңдөйлөнтпөй, жан-дүйнөсүн байытыш, ыраазычылыкта купулунун толушунун сырындай акылга аныктап алышы, адам баласынын майдалануусунан сактануу шарты го.
Дал ушул нерсени четке кагуу өсүп-өнүгүүгө, «эволюциялык процесстерге» залалын тийгизүүдөдүр, урматтуу окурман.
Акыл-эстүүлүктүн куралы болгон эрк менен намысты, айбалта менен Ак Келтедей алып жүрүш деген нерсе – ата-бабабыздын осуяты го.
Мурунку цивилизациянын калдыктары жердин алдында 10-15, кээ бир жерде анданда тереңирээк метр ылдыйлыкта көмүлүп жатканы андан кабар эмеспи.
21 кылымда гана азыркы күндөгү батыштын илиминин негизинде өсүп-өнүгөйүн деген адамзат, суу менен туздун жана кээ бир таштардын кристаллында эс тутум бар экенин тастыктап, алардын негизинде кандайдыр бир деңгээлде технологияларды жараткан болууда.
Бирок, урматтуу окурман, өзүңүз деле түшүнүп тургандырсыз, технология өнүккөн менен, адам баласынын, Дарвиндин тили менен айтканда, эволюциялык өсүшү күмөн.
Эгерде биз, өнүккөн деген батыш өлкөлөрүндө көзөмөл камераларынан баштап тартип сактоо күчтөрүн алып салсак, уруулук, зордук-зомбулук, тууган тууганына кол көтөрүп, өлтүрүүсү жети күндө башталып, 40 күндө күчөйт дегенине, ким жок деп кепилдик бере алат?
Эч ким бере албайт.
Ушу күндө жөнөкөй эле эмес химиялык, бактериялык, ядролук курал менен акча, дүнүйө, суу, тамак-аш үчүн бири-бирин өлтүрүүгө даяр турган адамзат, эволюциялык өстү деп айтуудан баардыгыбыз алыспыз го.
Эгерде кандайдыр бир себеп менен топоң суу каптап, азыркы күндүн эмеректеринин баардыгы 50-60 метр тереңдикте калса, тирүү калган адамдар, таш доорундагыдай, жапайлык кейипти кийгенден башка кандай аргасы бар? Баардыгыбыз эле Эйнштейн эмеспиз го, таштан бычак, жыгачтан жаа-найза жасагандан башка колубуздан эмне келет?
Бирок Эйнштейн болгон учурда деле, баардыгын калыбына келтириш үчүн, убакыт керек деп, кайра Апенди кейпин кийип, таш, темир, кулчулук, феодалдык, капиталисттик анан социалдыктан кийин Адам атабыз менен Обо энебиздин бейишине же коммунизмге жетебиз деп, айлампага түшкөн тыйын чычкандай амалдан, сактаналы. Акылга салып, ата-бабабыздын мурас, наркы аркылуу илимибизди – Ак Келтебизди кайрып жандандыралы, - бул улуу цивилизациянын жолу.
Демек, бул эмненин көрсөткүчү?
Биз бүгүнкү күндө умтулуп, кээ бирибиз ашкере умтулуп аткан «дикий запад» - , жапайы батыштын түркүн кумарчылык көрүнүштөрү түпкүлүгүндө адам баласына ылайыксыз болгондой эле, байлыкка ашкере умтулуу – бул деле кандайдыр бир ооруга алып келе турган адашуунун белгиси.
Психологияда бул дарттын аң-сезимде орун алышы «золотая лихорадкага» окшоштугун илгертен эле белгилүүлүгүн Пушкин, алтын балыгындагы кемпир менен, бизге сүрөттөп көрсөтүүдө эмеспи.
Бул жерде, албетте, капиталисттердей байлык, дүнүйө жана түркүн кумарларды куубасак, эмне менен алек болушубуз керек, деген суроо келип чыгат.
Татыктуу өмүр сүрүү, бул анык, талашсыз багыт.
Белгилүү го, тамаша чындыкка жараша, - билим деп, тарыхый билим деп, оюндан да, өзөктөн да от, өздөн жат чыгарын эске албай, балдардын аң-сезиминде, алтынчы класстан баштап, оорун алдырабыз го,- байлык-бийлигибиз менен феодалдардай бүрөөгө үстөмдүк кылууну… жана кара күчкө да басым жасап, жаш балдарды күнү-түнү иштетип, болор-болбос пул төлөп, кулчулук жаратууну, атаңдын көрү дүнүйө, эркиндиктин шарты деп.
Бирок, урматтуу окурман, эсибизден чыгарбайлы, чала билим же болбосо аң-сезим туралуу илимсиздик, биздин жоопкерчилигибизди жеңилдетпейт. Ата-бабабыздын, келечек муундун, жумшактап айтканда, сөккүсүнө калбайлы.
Атанын сакалы менен же болбосо мурас, наркы менен ойногон, анык го эмнеге алып келери.
Бул ата-бабабыздын жолу эмес, алардын бизге калтырган нарк, мурастардын бу жерде жыты да жок.
Биздин салтыбыз мындай жат көрүнүштөрдү каапырчылык деп, адам баласынын аң-сезиминде орун алган андай адат, дарттар менен эзелтен күрөшүп, жоюп келген. Өзүн таза сактап, аны кичи казат деп, чоң казатта бүтүндөй жер бетин мекеним деп дүйнөгө жайылткан.
Ата-бабабыз дегенде, 200-300 жыл эмес, керек болсо 500 да эмес, андан нары карагыла.
Эми демократия дегендин артында жаткан же болбосо сөздүн төркүнүнө да көңүл буруп кетели .
Эркиндик.
Эркиндик – бул сөз эркиндигин эле баалаган нерсеби же кандайдыр бир башка эркиндикти дагы багыттаган маселеби?
Дем алуу…
Дем алууну жайлатып, бара-бара бир, эки мүнөткө чейин токтотсоңуз, акылыңыз жан таттуу дегенди, аба жетишпей баратканда, так сезет, туят. Тирүүлүктөн баалуу эчтеке жоктугун аныктайт.
Эми, урматтуу окурман, демократия менен дем алуунун кандай байланышы бар экенин, өзүбүз дагы эне тилибизде аныктап алалы.
Элдин деми деген илгертен ата-бабабыздан келе аткан аң-сезимибизде түшүнүк бар го.
Эң негизгиси бул дем деген сөз биздин акылыбызга эмнени билдирет?
Ошону баамдап алышыбыз өтө орчундуу.
Мисалы: кээ бир сөздөр биздин акылыбызды туңгуйка алып келип, такап тыштайт.
Ал сөздөрдүн бири эволюция.
Эволюция дегенде, эволюция деген сөздү укканда, акыл: «Жаратман рухуман, мээримдүү жаныман өткөн эмне бар?» - дегенсип, эмнени ойлонууну же эмнени элестетүүнү түшүнбөйт.
Анткени, бул жок нерсе сыяктуу, аны элестетүү мүмкүн эмес.
Муну кабыл алыш үчүн кичинекей окуяга токтололу.
Көчөдө жаш ата-эне төрт жашаар баланы жетелеп, паркта сейилдеп жүрүшөт. Алардын алдынан дене-мүчөсү келишкен, машыгып жүргөн кыз-жигит чуркай өтөт. Кичинекей бала алардын мүчөсүнө да, кыймылына да таң калып, энеси менен атасына суроо узатат, себеби алар балага күчтүү жана сулуу көрүнүшөт.
Эмне суроо экенин, урматтуу окурман, өзүңөр деле болжолдоп тургандырсыңар. Ал суроонун мааниси, бул чуркап бара жаткан жаштардын үстүнөн эволюция иштедиби же алардын акыл-эси менен эрк, рух деген күчтөрү амалдандыбы?
Ушул сымал эле, урматтуу окурман, адамдын аң-сезиминин үстүндө акыл-эс, рух, жан жана эрк дилдегини ойготуп, амал кылбаса, ал ачылмак түгүл, жогорулабайт.
Себеби, адам – бул тирүү жан. Өсүмдүктүн үстүндө ай, күн турат, тамырында жер менен суу жатат, генетикага баш ийип, ал өсүп, өң-түсүнө кирип, өзүнө ылайык жыт чыгарат.
Ал эми адам, адегенде, биринчи учурда өзүнүн табиятын тастыктап алышы абзел. Аны тастыктамайын, өсүүнүн багытын белгилеш күмөн экени, түшүнүктүүго. Колайдер ошол үчүн жаралып курулгандыр.
Урматтуу окурман, адам баласынын алдында бир кызыктуу маселе бар.
Эгерде сиздин колуңузга кадимки эле куштун балапаны, иттин күчүгү же жылкынын кулуну тийсе, аны кантип өстүрүш, тарбиялаш, тапташ, болжолдуу болсо да, акылыңызга белгилүү.
Ал эми адам баласына келгенде, идея-теориялардын аркасынан баш аламандык пайда болгон: бирибиз адамды кудай жараткан десек, бири адам маймылдан пайда болгон деп, анысы аз келгенсип, бирибиз –феодалбыз, а тиги болсо – кул деп, мастай тамтаңдап, акылдыктан тайып, адамдын өсүп-өнүгүшүнө чоң залалын тийгизген.
Эми биздин келечегибиз – балдар кол алдыбызда турганда, кандай ыкма, кандай методика ылайык болот, деген суроо узатып көрөлүчү. Эгерде… Урматтуу окурман, болбой эле, адам баласы маймылдан жаралган дегенге ооз барбай атат. Себеби, адам баласы деген соң, адам бул биздин атабыз деген сөз, ошондуктан адам баласы дебей, киши маймылдан дейличи, эгерде Дарвиндин кишиси акырындык менен маймылдан оңолуп түзөлсө, анда кандай ыкма, көнүгүүлөр керек? Ал эми кудай жаратса, кандай багыт туура болот, акыл чайкайлычы.
Бул учурда ой жүгүртүүнүн алдында генетика менен геномду сөзсүз түрдө эске алып, белгилүү адамзаттын тарыхындагы таланттуу, өзгөчө жөндөмдөрү бар инсандарды да эскерип кетели.
Анын ичинде жоктон бар кылган сыйкырчыларды да, олуя, илимди аркалаган, дүйнөгө таанымал философ, акын, илимпоз, манасчылардын да сырларын унутпай, баардыгын акыйкат таразасына коюп көрөлү. Азыркы билим берүү ыкмасы – бул негизинен Дарвиндин теориясынанбы же божомолунанбы келип түзүлгөн багыт. Бирок теория деген теория да, бул божомол, эгер ал жаңылыш болсо чоң, олуттуу, орчундуу, өзүнө-өзү карама-каршылык жаратып, зыяндуу, эволюция эмес, мутация же деградацияга алып барып коюшу, көрүнүктүү эле болуп тургансыбайбы.
Кушту жөрмөлөтүп, итти соймолотуп, чиркин жылкы жаныбарын күлүк кылып чаппай, тотукуштай торго түшүрүп, кордогон амалдай кабыл алынат го.
Анткен менен, биздин ата-бабабыз тээ илгертен эле көп нерсени билип, ошонун негизинде бизге мурас менен наркты калтырган. Көп нерсе дегенибиз, алардын илимпоздугунан кабары деген сөз. Салт, үрп-адат – бу адам баласына, анын табиятына, генетикасына ылайык жүрүм-турум .
Ал эми, Манас, анын Ак Келтеси жана кырк чорого таандык, аң-сезимдеги жетимиш өнөр туралуу кеп – бу илимдин көрсөткүчү.
Аалам сымалбы же өңдүүбү, аң-сезим да чексиз. Акылы менен жараткан 70 өнөр эле эмес илим, билим, андан тышкары, керек болсо адат, дарттарды да аалам, сырдуу аалам күчүндөй планета, галактикалардай материяларды жарата батыра берет.
Светтикти көлөкөлөп, ыйманды, наркты кууратпайлы…
Динде бекем болуп, билеги бар бирди эле жеңет деп илимдүүлүктү туу тутуп, алсыратпайлы. Кор болуп калабыз…
Урматтуу окурман, шашпай, таразалап көрөлүчү, Дарвиндин божомолунун негизинде, адам баласы, биздин ата-бабабыздай тыңшаар, көрөгөч, мамыт, азыркы орус тили менен айтканда, «телепаттыкка», жайчы, калканчы, телекинез мүмкүнчүлүктөрүнө же эң табышмактуу телепортация күчүнө, кайып болуп кеткен Семетейдей, жетиш мүмкүнбү? Аны эртенки күн көрсөтөт.
Бирок кайып дүйнөсүнө Семетей эле өтүп кеткен эмес, ал туралуу башка элдердин да «сөзү» бар.
Жөнөкөй эле айырмачылыкты биз убакыт өлчөмүн барактаган манасчы атүгүл сүрөтчү, обончу, илимпоз, генийлердин жан-дүйнөсү менен тыгыз байланыштыгында өзгөчө дейбизди же артыкчылык менен иштеп жаткан мээ функцияларынан, байкасак болот эмеспи.
Эми, урматтуу окурман, Дарвиндин урук-тукуму менен колдоочуларынын эле айтканы туура деп отурушубуз жөндүүбү же ата-бабабыздын илимине да акыл чайкап, чындыкты издешибиз оңдуубу?
Эгер ата-бабабыздын калтырган мурасы чын болсо, адам баласын 3 өлчөмдөн турган мейкиндикке камап салышына, ким кызыктар деген маселе чыга келет экен.
Мунун артында же караңгылык турат, караңгылык дегенибиз жапайлык – өнүкпөгөн адамзат, же кадимки эле көрө албастык.
Дал ошол көрө албастыктын негизинде, кылымдар өтүп, колайдер жаралып жүрбөсүн.
Урматтуу окурман, биздин тилибизде сезимтал деген сөз бар. Ал сөздү биз көбүнчө балдарга карата колдонобуз. Бул жерде көңүл бурчу нерсе, сезимталдыктын өзөгүндө эмне жатканын тастыктап алышыбыз өтө орчундуу. Сезимталдык – бул генетикалык акыбалды же балалык табиятпы? Муну терең түшүнүп алышыбыздын маанилүүлүгү, бизди чындыкка жеткирип, муунду, келечек муунду тарбиялоодо, билим берүүдө туура багыттарды ачып берчүдөй.
Сезимталдуулукту биз кандайдыр бир кубаттуулук деп тастыктап алышыбыз абзел. Сезимталдык генетикага түздөн-түз байланышы бардыгын, биз бала торолуп баштагандан баштап, анын аракеттеринен байкасак болот.
Генетика дегенди биз бир гана көзгө, колго илинген нерселер менен эле эмес, эң маанилүүлүгү сезим жана функциялар менен белгилеп коюшубуз абзел. Анткени жүрөк, өпкө, боор, бөйрөк, көз, кулак органдардын жана өзгөчө белгилеп койчу бездердин ар биринин өзүнө ылайык функциясы генетикалык программалангандай, мээнин жана омурткадагы жүлүндүн өзүнүн иштөө тартиби жана функциялары, түркүн функциялары, айтылгандай, генетикалык программаланган.
Маселе: ушуга байланыштуу, билбеген пенде уу ичет демекчи, бир жагы, адамдын табияты аныктала электе, ар кандай методикаларды колдонуу, кандайдыр бир деңгээлде залалын тийгизбесе дагы өсүп-өнүгүүнү чектеп коюшу мүмкүн экенин, эсибизден чыгарбайлы.
Экинчи жагы, бели ката элек деген өзүбүздүн ата-бабабыздын сөзү бар. Сезимталдуулук менен бели ката элек деген нерсе бир гана адам баласынын гормоналдуулук жетилиши менен эт, сөөгүнүн «бекемделишине» эле байланыштуубу же болбосо жүлүндөр менен мээнин кандайдыр бир деңгээлде жетилелектигин бизге билдирүүдөбү?
Адам баласынын көзү 7-8 жашка келгенде гана толук кандуу күчүнө кирет имиш. Ал эми түркүн функцияларга ээ болгон мээ, канча жашка келгенде күчтөнүп, өзүнүн функцияларын өзүндө бекемдеп, баланска алат? Так айта ала турган илим барбы?
Бир гана көңүлдү буруп койчу нерсе, салыштыруу ирээтинде баланын сезимталдыгы менен даанышмандын кыраакылыгын биздин эпостордогу мамыт, көрөгөч, тыңшаар мамыт, олуя, манасчыларды көрөлүчү.
Салыштырууда, сезимталдык туюу сезиминин курчтугу менен кабыл алуу сезиминин кенендигин жана эс-тутумдун күчтүүлүгүнүн көрсөткүчү экендигин, байкасак болот.
Анткени ымыркайдын 5 жашка чейинки өсүүсүндө өзү белин кармап отуруп калышы, басып калуусу, тили чыгып, 1 эмес 2-3 тил менен кошо технологияларды, улуулардай эле, өздөштүрүп алышы, сезимталдыктын артында табышмактуу, сырдуу, жомоктордо айтылгандай, жүрөгү менен, адамдык дили менен байланышкан, табиятына ылайык акыл-эс катылганынын көрсөткүчү десек, чындыкка жатар.
Кайталап коёлу, акылы бар үчүн өзү белин кармап, басып, тили чыгып жатат да.
Ал эми жакшы, жаманды кооптуу коопсуздук эрежелерин акырындык менен тилин сүткө күйгүзгөндө келе турган нерсе экенин, тажрыйба деп билебиз да.
Багытты туура алсак, акын, олуя жаратмандыкка ээ кылчу касиеттердин баарына ээ болушуна, Толстойдун сөзү менен айтканда, жарым эле кадам кала турганы, көрүнүп жатпайбы.
Эми, урматтуу окурман, маселе сезимталдыктын кубаттуулугунда катылган, окшобойбу, деген соң, анын, кубаттуулуктун төмөндөшү эмнеге алып келиши мүмкүн да күчөтүлүшү эмнелерди ойготуп, пайда кылышы түшүнүктүү болгондур.
Балдарды күндө 20 мүнөттөн 40 мүнөткө чейин мимика кармаганды үйрөткүлө. 40 мүнөттү 8 бөлгүлө дегенибиз, 5 мүнөт жылмаю, 5 мүнөт таарынып, 5 мүнөт арданып, 5 мүнөт эрктенип, 5 мүнөт рухтанып, 5 мүнөт намыстанып жана дагы 5 мүнөттө мээримдүүлүк сезимин төккөн мимиканы, карматканды үйрөтүңүз.
Бул актерлук чеберчилик эмес, бул башында мимика аркылуу, кийинчирээк элес менен гана жасалчу ыкма. Бул кубаттанууу, ар мимикада баш сөөктө катылган мээнин ар бөлүкчөсү активдешилет.
Мисалы: жылмайганда – кара куш жак, ачуу келгенде, таарынганда – чеке жак, арданып, намыстанып же уялганда – кызарган кулак жактар, өзүңүздү бактылуу сезгенде мээнин ортосу же болбосо моюн омурткасы баш сөөк менен кошулган тушу активдешилет .
Бул мимика кармоодогу мээнин аркыл, ой, сезим, кыял жаратуусун жашы 15-тен өткөн адамга, бир учурда, кабыл алып, туюшу бир топ эле татаалдыкка туруп калат. Анткени, сезимталдыгы кескин түрдө төмөндөп кеткен.
Ал эми балдардын кабыл алуусунун кенендигине байланыштуу, аларга өтө оңой да жеңил, алардын кабыл алууга жооп берген органы, санарип сымал, таптакыр башкача иштейт.
Барып-барып, балдар бул көнүгүүлөрдүн артынан сезим жаратуу функциясы менен ички процесстерди талдап, өзүлөрүн башкарууга, бүт эмоционалдык процесстердин баардыгын өз эрктери менен акылга баш ийдиргенге жетип калышат. Муну биз акыл-эстүүлүк деп таанып, билебиз го.
Бул ыкманы өздөштүргөн адам баласынын кубаттуулугу 3G, 4G, 5G сыяктуу жогорулап, мээ менен булчуңдардын байланышын тездеттирет да жана дагы сезимталдуулугун алда канча күчөтүп, диапазонун кеңейткенге жол ачат. Жана жайчылык, калканчылык менен кайыпчылыкка жетүүнүн жолдорун акылы туя баштайт.
Анткени балдардын элес функциясына жооп берген бөлүкчөсү улуулардыкына караганда, башкача, өзгөчө, сүрөтчү, обончу, генийлердикиндей иштейт.
Бирок, айтып койчу маселе, күн арттырган көнүгүүдө ар бир адам элес функциясын «да Винчиникинен» кем эмес кылып, күчөтүп алганга шарт бар. Ал нерсе аракетчилик менен мээнетчиликке гана көз каранды.
Бул жерде белгилеп, баса белгилеп койчу, орчундуу жагдай, элестин күчү дегенибизде, сыр жатат. Элеси күчтүү адамдар же болбосо баардык эле кичинекей балдар жалгыз, өзүлөрүнчө ойноп жатканда, элес күчү туу чокусуна жетип, элестеткендин баардыгы өң-түсү коюланып, жок эмес – бар, колго, көзгө илинчү, атүгүл элесине байланыш кээ бир жаныбарлар тирүү катары кабыл алынат.
Себеби, элес мээнин күчү менен көзгө көрүнбөгөн, бүт ааламды камтыган материянын частицасынан токулат. Анын аркасында материализациянын табышмагы жатат.
Урматтуу окурман, жайчылык, калканчылык – бу илим-билимдин көрсөткүчү. Жайчылыкка, ким жете алат? Адегенде, мамытчылыкка жетип, табияттагы химия- физикалык процесстерди сезип-туюп, акылы баамдаган коом гана жетише алат. Ошондой эле, калканчылык менен кайыпчылыкка өтө күчтүү илимге жетишкен, он сегиз миң ааламды тааныган цивилизация гана аркалай турганы анык го.

Проект «Школа Личностей».
По всем вопросам обращайтесь по номерам:
0771000944 (WhatsApp)
0999733745
Добавлено: 3 Февраля 2020
Поднято: 19 Февраля 2020
Просмотров: 260
Автошкола
Автошкола
10 000 сом
Бишкек 24 Апр
×