Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багыты. Аккелте. Развитие умственных способностей. ОФ Телепат "ТМ"

Договорная
Продаю
Не знанием, а старанием…
Не числом, а умением…
Не словом, а любовью соткан мир,
которым мы живём…
Ак келте
Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багытынын бири – эстүүлүк демекчи, бу элес күчүн ойготуу…
Тоолор…
…тээ этектен өйдөнү карай, мөңгү үстүндө, бүркүт маал-маалы менен көрүнгөн булут арасындагы көккө дейре кызыгып, тоолорго «куштарланып» жүргөн адам баласынын көкүрөк-боору акырындык менен тоолор өзүнө каткан күчтү сезип эргийт деген эл арасында байыртан келе жаткан сөз бар эле…
Ал илгерки ата-бабалардан калган сөздү эскерип, коштоп, сүрөп демекчи, бу жомокчулар: жер кыртыш-катмарларына касык өңдүү кирип турган тамырынан тарта тике чыккан күчтү сезе билген, ал күчкө бара-бара, өзү эргип, уюуса, жаратылыш үнүн угуп, табышмакка кубулжуганы – бу кары сөзүнөн өнөр тапканы деген сөз курушкан…
Тиги сезим ойгонуп, бу төкмөнүн сөзү эл аралап, элге жеткени, анын артынан обон-күүнүн жаралганы – бу жомоктун ойгонгону…
Мурасты талаада калтырбаган салттуу эл акын, акын сүрөп өстүргөнү – бу жаратман табиятын тааныганы.
Ал эми нарктуу элдин салты делинип, өнөрчүлүктүн наркка бөлөнүп, кылымдар бою термелип келе берүүсү – бу мурас…
…Учурда, бу бөлөп демекчи, элден – акын, акындан жомокчу чыгып, кайра эле жомокчулар адамзатты жомок сезимине бөлөп, жашоо термеле берет деп айтылат эмеспи демекчи…
…тиги улак туягынчалык көгөрүп чыгып, сезимдерди жылыткан жаратылыш дүйнөсү жайы-күзү бу: талаа, токой, тоо гүлдөрү… эрте жазда, жаз мезгили: байчечекей, кызгалдактар жайнаган, «аркар кулжа ойногон жериң сонун Ала-Тоо» дегендей, эске алып, кабырганы кайыштырып, бул жерде, урматтуу окурман, бу жомок боор оорута тургандай кылып айткан «байкуш», бу байкуш жаратман жаратылыш табияты жылдар бою адам баласынан коркуп, карбаластаган немедей, күнү-түнү көктөн тилеп жаткансыгандай сезилет… бу «ээ, адам ою терең, көсөм болсо гана» деп тургансыган аска-зоодо асман ээси – бүркүт менен ак шумкардын учканын. Табияты жаратман, өзүн сезим агымысыз элестете албаган эл төкмө сүрөп тургансып, жаратылыш алгыр бүркүт, жаа огу – шумкарды кой, бийик тоолуу ыйык жердин аска-зоолуу көк, кара, кызыл деген кырларында кара деле, тас деле, ала-була жорулардын балапандары бу канат кагып, үн чыгарып турушун эңсеп, күтүп келет эмеспи...
Адам заманы… бу адам баласы жер бетине келгенден – бири өнөр кууп, өз табиятына жуурулушуп, күжүрмөн, жаратман болсо, бири ичер суусунун булагы өчүп, көрөр күнүн таппаганы – бу сезим күнү ой-санаага тутулуп адашканы.. Жомокту, сезим дүйнөсүн туйбай калганы го бу…
Алыскы деңиздердин аркы жээги… адамзат бу… Альп тоолорунун көркүнөн күч алып, канат сезимдери, өнөр ойготпой, бу Эйфель мунарасын айланып калгандай сезилет. Тоонун жашылданып, арасында бугу, багыш, сүлөөсүн жүргөн белгиси бу – тоодон чыккан улуу күч, жер деми демекчи бу... Өткөн кылымдарда жаралган бир сезим жомогу бар эл, тиги колунда жок, жакырыраак жашаган уй бүлөнүн балдары талдын беш чырпыгынан балаты жасап, ойноп, Жаңы жыл тоссо, ал тоолордун эли-журту бүгүнкү күндө гүл, чана сатып отуруп калышы – бул өнүгүүдөй эмнегедир сезилбей жаткансыйт.
Жылтыраган балатыдай мунараны тегеренип, конок күтүп жүрүшү – бул эволюция процессин кайра карап чыгуу маселеси орчундуу экенин көрсөткөндөй байкалат. Бул жанагы биздин ата-баба сөзү үзүлүп, мындай адам баласында өнөр булагы, - сезимдердин өчкөнү го. Адамда булак атып ташкындабай калганы бу... Дене бою агып сезимдер, өнөр ойготуп, эволюция же өсүү талабына жооп бергидей амал кылбагандыгы адамзаттын – кооптуу. Акыбалды ачыкка чыгарып, бала оюндарын ойноп жатышы…
Бу, урматтуу окурман, бу батышка сын-пикир айтуу эмес. Бул адам табиятына ылайык – сырдуу жомок сезимдери тууралуу кеп-сөз кылуу маселесинин келип чыгышы.
Жомок сезиминин улуту жок эмеспи демекчи, бу таң аткыча булбул менен чегирткелер сайрап турган үнүндө көкүрөктөгү сезимдерин укпаган, күн тутулуп, бу жаратылыш сырларына батпаган, сезимдердин ыргагын да, бу тирүү жанды туйбаган – кантип болсун үндүү жан… «Замана… Замана» - деген бүгүнкү күндүн акын сөзүндө сезим туюп ойгонгон жомок үнү угулат…
…күн узарып, түнү кыска саратанда таң аттырып олтурган жаратылыш койнунда, үнү жомок, сырдуу болгон – үкү үнү угулат…
..Жагымдуу, уккуң келет мындай кечте тээ алыскы аркы чети, берки чети саздардын табышмактуу чардагандар сырларын. Атүгүл, о-о тирүү жан, улуу тоолор, көк асман, ээ жараткан, жаратылыш токойдогу бак-дарактын койнунда чайылдаган маймыл үнүн сагынат. Киши сымал өз баласын колго ала эмизген маймыл үнүн сагынат, кантсин анан. О-о тар заман, жаратылыш – болбой эле эне да, сагынат да… Бирде ойноп жармашканын мойнунда, бирде уктап бара жаткан жонунда, бирде тайтайып басып, эрчип бара жаткан жанында чырдуу деген кичинекей маймыл үнүн сагынат… Бала маймыл үнүн дагы сагынат…
Нух доорубу же пайгамбарлар багыбы… табышмактуу кеме-жомок ичинде көк шибер, арча токой жыттанган сыйлуу деген төрүндө, «балам келди, эркем келди» дегенсип, мээрим төгүп жаратылыш булбул тургай, күкүк үнүн сагынат. Бу сагызган, сагызгандын да шакылдак үнүн тыңшап, күтүп турат сагынып. Көрүнгөнү жөнөкөй боз торгойду сагынат. Короздонуп, канат жазып, бийлеп турган куштардай, жаратылыш сезимдери карга үнүн сагынат..
Оо-о жараткан, жаратылыш, ачык асман, көк асман да түбөлүк зар көрүүгө күн нуруна чагылышып, жымыңдаган суу жээгинде ак-чардактын учканын, ак-куу тургай, өрдөктөрдүн көл үстүндө сүзгөнүн. Жаратылыш табияты – жаратман… сезимдерин кантип эле жабыркатып таштасын, кантип эле унутсун…
Бири – бүркүт, бири – көк жал, тигиниси – кабылан… бири жолборс болсо, экинчиси – кербендеги, адам жүк, жүк артып алган төөлөрү, жайлоодогу үүр-үүр жылкысы… бу сансыз сезим дүйнөсү…
…Урматтуу окурман, нарк-салттуу үнү бар элдин табияты жаратылышка дагы өзгөчө уюганга шарттуу эле деп биз мурда айтып кеткендей, 2020-чы жылдан тарта, өз салттуу сөзүбүздү, нарктуу сезим менен үнүбүздү угуп тааныйлы деп…
…бу чынар, баба мурасы өңдүү чынар багы болсо да, көзгө илинген эң жөнөкөй өсүмдүк экен деп көзгө албай, тебелебей, бу көз ирмемде, ай алдында учуп өткөн, жомок дүйнөсүнүн кадырман жолдошу – үңкүрдө күн өткөргөн жарганат менен суудагы балык демекчи... Океан мелтиреп, толкундабай тынчыганын «океан уйкусу» деп түшүнүп, суу үстүнө секирип чыккан дельфиндер менен кубалашып ойногон балыктардан баштап, тээ жарык жеткис тереңдикте, уясында үлүл сымал жашынып, өмүр сүргөн жылан-балыгына чейин бу көрүнбөйтгө салып, кордогонун койбогон Жолойдун кып-кызыл чоктой жалындаган сугалак көзүнөн коргоочу – жайчы… баба, ата-баба өнөрүнүн мыктыларынын бири болгон жайчы, ошол эле учурда балдардын табигый аң-сезиминдеги алтынчы жана жаратман жетинчи сезимдери менен бирге туюу күчүнө ылайык кенендиги – сыйкырдуу жомок, тереңдиги – булак суусу демекчи, бу баланын көкүрөк, көкүрөктөгү жүрөк сезими менен кабыл алуусун коргоочу – калканчы, калканчылык баба жолдорун өзүбүзгө ачууда бу алгач телепаттыкка жетүү маселеси турганына байланыштуу, сезип-туюп, кабыл алууга көз каранды болгон иш-чаралардын жүргүзүлүшүн алдыга жылдыра берүү деген ойдо, башкы кадам катары, таш бакача демекчи, оозеки сөзүнөн акырын баштай берели деп чечтик эле, урматтуу окурман… илгери, илгери демекчи…
…бу илгерки ата-бабанын ийиктей имерилип айланып бара жаткан саманчынын жолуна тете салттын үрп-адаты өзүнө көптөгөн өнөр, талант табышмагын билген маданиятты камтып, бу өнөр сырын ачкан байыркы элдин ак сакалы наркы болсо… тиги көк сакалы – көккө тирелип турган ак мөңгү суусундай, чексиз өнөрчүлүк дүйнөсү болуп, өнөр устаты атка конгон ата-баба – жаратман аалам менен адамзатты байланыштырып турган кайып көпүрөсү сымал сезилет…
Ошол Ала-тоонун ар бурч-булуңу – суу башы демекчи, башатта жети бөлүк жер бетине, жети дубан элине эргип чыккан сезимдер, ар дубанда өнөрчүлүк ойготуп, мелдеш өтүп эл арасы, акындар бу жүрөктөгүнү төгүп, сөз баштаса, аларды обон-күүлөр созолонуп улап, асман булут каптап, жайчылар оюн кызытып, жамгыр-мөндүр аралаш асман үнүн угузса, асман-жерден чыккан үн «мына ошондо кырк чоро» демекчи, калкан, калканчы менен тосулган.
Жерди силкилдетпей, титиретпей, сыздатпай коргоп турган калканчы. Сезип турган калканчы. Аң-сезимдүүлүк калканы… Оюндан от чыгат деп тосуп койгон калканчы…
Булак...
Ата-баба өчпөс өнөрчүлүк булагы…
Бүгүнкү күндө ал булак кургап калып, жер алдынан шылдыр-шылдыр деген добуш эле чыккансыйт. Бу заманда жалгыз, какшып калган чөлдө бирин-серин өскөн гүлдөй, акын, төкмө акын өнөрү жалгыз сербейип турса учурда… асмандан учуп өткөн жылдыздай, манасчы алыскы сапарга кеткендей.
Күү жаратуу – бу да эбегейсиз чоң өнөр. Жан, жан дүнүйө өнөрү, ошол улуу баба жолунун өнөрү, сезим өнөрү…
Замана-замана…
Булбул үнүн чынар, чынар теректин боорунан, шаркырап аккан суу толкунунан угузбай, бу жансыз, тар булактарынан угузган замана-замана… Анткен менен…
…бу сырларына сөз жеткис өнөр дүйнөсүнөн калган булактарынын бири болгон акын, төкмө акын өнөрү бу учурда тиги доор, доорлор үшүгүнө карабай, бүрдөп алганы кубантып бир аз, ички дүйнөнү жылыткан болот. Анын артынан түркүн өнөр жанданчудай көрүнөт.
Ар өнөрдүн өсүп-өрчүүсү, тамыры, өзөгү да бир. Тээ илгери эле белгилүү, өзөгү бу оттой жанып турган сезим болсо, бу жаратман күчкө ээ болуп, бүрдөгөнү, бүрдөп алганы – күү, созулган күүнүн жаралганы…
Акын, акындын сөзү – көкүрөк дилден чыкканы…
…жүрөк менен жомок убакыттан алынганы...
Жомок, жомокчунун баяны – бу гүлдөгөн соң, мөмөлөй башталышы. Ал эми кызарып, мөмө-жемиш бышып, толушу бу… бала торолуп, торолуп чыгышы демекчи… бу алдуу, белдүүсү – жайчы өнөрү болуп айтылса, тиги сырдуу табышмагы көбүрөөк бу… аң-сезим, аң-сезим бу өзү – табышмак демекчи… бу – калкан, калканчы сырдуу үнү..
Адам баласы жаратылыш үнүнө жайчы сымал уюумак тургай, бу акын-жазуучулар айтмакчы, жаратылышты «бир аз сыртынан» эле бара-бара мээрим төгүп, карап койсо, суук сөздөн «коруп» койсо, көкүрөк ачылып, сезимдер ойгонот эмеспи. Ал эми бул караштан сүйүү жанса, куштар тилин, жаныбарлар сезим үнүн туйгандар – бул сезимден өнөр өстүргөн жайчылар жана калканчылар.
Акын, бу белгилүү, бирде көңүлү көтөрүлүп, элге уюуса, бирде ойго түшүп уюйт эмеспи. Ошол сыңар жайчы жаратылыш табиятына ички дүйнө, эрк сезими менен уюусу, албетте, – бу бирде коргоп, бирде коруп туруусу. Үйлөсөң – каакым учат; кыйкырсаң, тоо ойгонгонсуп, үнүң алыста жаңырат; сезим ойготуп, дем көтөрсөң, аба жылып, ким билет… балким, булут көктө муздап, демиң көтөрүлүп, бийиктен себелеп, жамгыр болот… Ким билет, ай, ким билет… деп тээ алыстанбы, тереңден чакырган сезим бу үндөй сезилет… Кары үнү сезилет. Мында жомок, сезим үнү эске келет…
Жомокчу – булак суусу сыяктуу. Ал тамырлата сиңип, көк чыгарат демекчи, козу карын көлөкөлөткөн теректи да көгөртүшү – бу адам баласынын кулагына кирген сөз, жомокчунун сырдуу үнү менен кан тамырлап, аралап, акылга жетип, сезими жүрөк-кандагыны ойготот деген - бабадан калган улуу сөз бу, урматтуу окурман. Мурас эскерилип, - аталардай, бизге – табышмак, аларга – өнөр демекчи... жайчы, калканчылыкка бет алууда, аларды өнөр катары ойготуу деген маселеде алгач өз сезим күчү менен табият үнүнө уюусу турат деген баба сөзү бу, баба салтынын наркы бу аң-сезим сырлары бу…
Нарк маселесиби же кызыктуусубу, айтор баса белгилеп койчу нерсе бул учурда, бу миңдеген кылым карыткан ата-бабабыздын азыр адам көкүрөгүндөгү эмес, жомокто айтылып келе жаткан көсөмдүктү кой, жөнөкөй балага ылайык логика деле бүгүнкү күндө көрсөтүп тургансыйт го, бу адамды адам кылган – бул жаш боз бала – конституция эмей эле, тээ эзелтен келе жаткан сакалдуу жомоктун сырдуу күчү экендигин. Нарктуу карыянын жанында жүрүп, сезим сырларын ача турган боз бала, бу табияттын эрежелерин эми, эми туюп, эске алып келе жаткан бала адамды адам кыла албайт го. Эреже адамды адам кылышы күмөн го, чакырышы мүмкүн. Бирок адам болуу жомок күчүнөн экени анык го.
Маселе “бу адам болуу деген өзү эмне”? - деген суроодо жатат го. Конституция жакшы жүрүм-турум, маданият, билимди талап кылган эрежедей көрүнүп, ал эми жанагы эволюция, өсүп-өнүгүү деген түшүнүк – таптакыр башка, жомокко окшогон нерсе го...
Жомок күчү демекчи, бу...
...Адам болуу улуу жолу бешиктен баштап уккан жомоктон туталанып, ойгонору – баардыгыбыза эле белгилүү нерсе эмес беле. Маселе, балким, ага моюн сунуп демекчи, көңүл буруп, маани берип коюуда болуп жүрбөсүн, урматтуу окурман. Анткени жомокту айта билген эненин жан дүйнөсүнө бала уюйт, бу табигый нерсе да. Эне тургай, айтылып жаткан жомок – бу өзү сезим булагы.
Бирок уюу... Адам адамды кунт коюп угуп, туюп көнбөсө, бу уюусу, уюу маселеси чечилбес. Ошол себептен туюу... Баба туюусу... Маселе демекчи, уюу, уюп үйрөнүү маселеси орчундуу. Эне, эненин алдейлеген үнү менен көкүрөккө жеткен сезим аң-сезимде орун алып калган соң, жомоктун сырдуу күчү адамгерчиликке чакырууда эле эмес, руханий ойготууда да десек, туура болчудай го. Руханий ойгонууда акылдын алгач соот шаймандары – бу эрк, уят менен намыс дечи, анткен менен эне – бала, бала атаны байланыштырып турган күч – бул сүйүүдөн, жүрөктү кактырып турган эненин сүйүүсүнөн тышкары, балким, андан күчтүү болбосо да, касиеттүүлүгү бүтүндөй адамзатка таандык дил, адамдык дил экени талашсыз болуп, көкүрөк, көкүрөктө турат эмеспи, урматтуу окурман.
Дил, адамдык дилдин бир канаты рух болсо, экинчиси – мээрим, мээримдүү жан демекчи... бу улуу күч – сүйүү, Фрейдтин сүйүүсү эмей эле, дил махабаты болуп жүрбөсүн, дилдеги мээрим менен махабат болуп жүрбөсүн, урматтуу окурман. Адамда дил болсо, айбанда – сүйүү эмес, инстинкт демекчи, айбанда кайдан сүйүү болсун? Айбанда – тукум калтыруу маселеси орчундуу да...
Дил, бу дил болуп жүрбөсүн. Тээ үстүдө, көктө эмес, көкүрөктөгү дил болуп жүрбөсүн жараткан, жараткан адамга сүйүү менен берген улуу күч... Жаратман күчү...
Бул учурда, жомок сүйүүчү бөбөктөр дей, урматтуу окурман, эң негизги маселе, бу жомокто сүрөттөлүп, сөз байлыгы менен жеткирилип жаткан адамгерчилик жана бакыт, сүйүү деген нерселер – ички, дил менен байланышкан сезимдер экенин, терең маани берип туйбасак, айткан менен пайда жок. Ой сезимдери башка, урматтуу окурман. Ал эми дил сезимдери – кээ бир учурларда таптакыр эле акылга белгисиз болуп калган сезимдер деген маселе бу. Бу акыл жүрөктө демекчи, адам уктаса да, акыл уктабайт эмеспи. Уктаган бу ой, жүрөк кантип уктасын. Адамдагы дил, акыл сымал, уктабайт. Ойдон чыгыш зарыл. Геракл ойгонуусу же кер акыл да, көр акыл – бу ой. Акыл жана дил, адамдык дил дүйнөсү – бу сезимдер дүйнөсү. Баба сөзү: бу эрк, акыл жүрөктө болсо, бу көкүрөк-боордун укташы – тиги кенебестик уйкусу. Ойгото турган алтынчы жана жетинчи күчтөр бу, урматтуу окурман, амал да эмес, мүлк да эмес, сезимдер... Бири алтынчы сезимдин күчөшүнө жооп берсе, калганы биригип жетинчи, жаратман жетинчи сезимди түзүшөт деп эмне, эмне жөнүндө айтууда бизге жомоктор? Чындыкты айткан жомоктор...
Сезим десе, бу кыз-жигит демекчи, түгөй маселеси эмес бу. Сүйүү – жанда, бу биздин ичибизде жашап жаткан, жан сезим экенин туялы деген маселе. Эгерде ал сезим бизде жок болсо, жүрөк кантип какмак. Какмак эмес, какмак эмес деген сыр, жомок сыры бу, урматтуу окурман. Бирөө:
- Адамда эң маанилүүсү – бу жүрөк. Жүрөк кан жүгүртөт. Эң негизгиси – жүрөк, жүрөк... Жүрөк иштеп, кан жүгүртөт. Баарын жүрөк жүргүзөт, - деп кайра, кайра эле кайталап жатса, ал сөздү угуп турган даанышман күлүп, жылмайып:
- Ээ- э-эй, балам, коё турчу, сөзүңө аралжы. Бу, туура, балам. Канды, мейли, жүрөк иштеп жүгүртсүн. Мейли, макул... Анткен менен, балам, бу жүрөк.. жүрөктү ким, эмне соктуруп, кан жүгүрткүдөй, күч, күчтү ким берет? Жүрөк канды жүгүртсө, жүрөктүн өзүн ким жүгүртөт? Жүрөк... жүрөктө акыл бар деп, акылдын жаны бар деп уктук эле. Ошол жүрөктү кан жүгүрткүдөй, от болуп жанып, жүргүзгөн бу... - деп жылмая күлүп:
- ...Бу жүрөктү жүргүзгөн таттуу жан оту болуп жүрбөсүн, балам, - деп айткан экен карыя...
Маселе, жомок маселеси ошол сырды ачууда жатат... аң-сезим сырлары же анын ачкычы демекчи... Табышмактуу сезимдер...
...алар адам ичиндеги – булак. Маселе булактарды ойготууда жатат.
Үстүдө айтылган, - бакыт, сабыр, кайрат, атүгүл кут, береке деле, баарысы – ойгонуп, аң-сезимдүүлүктү түзчү сезимдер.
Сандык кооз китеп болсо, бу ичиндеги байлыгы – бу сезимдер, жомок өңдүү сезимдер.
Сезим... Алар тууралуу кеп кылуу зарылдыгы деги өзү эмнеден келип чыгат, урматтуу окурман? Аң-сезимди бу сезимдер менен толуктап, жогорулатуу багытыбыз демекчи, бу акыл жүрөктө болгон соң, чачылганды жыйнап, төгүлгөндү толуктап туруу – анын кызматы болуп калгандай көрүнөт экен да. Бу балада көп сезимдер ачык, көз көрүнө, асан-үсөн сыяктуу, жанып турат. Ошондуктан бала тороло баштаганда, алар бала булчуңга толушу менен жүзүнө заматта, тез эле чыга калат. Тил аркылуу даам, ал эми тери менен булчуңдар бизге сезим туйдурат эмеспи. Лампочка, кадимки лампочка – булчуң. Анын спирали – нерв. Ал эми сезим – бу ток деп баш сөөктөгү мээни генератордой элестетип сүрөттөгөн бололу да, бу бала торолууда, ал сезимдер нур сымал өзүнө өзгөчө тартуусу менен байкалуусуна көңүлдү буралы. Себеби адамды кой, жан-жаныбарларга да баладагы табышмак – туюмдуу. Адам тургай, кээ бир жаныбарлар да уюйт балага. Айтайын дегенибиз, урматтуу окурман, бала өз ичиндеги сырдуу сезим күчтөрүн акылы менен, асан-үсөн сымал, көрүп турса, өз муштумундай болгон кичинекей жүрөгү менен аларга уюп турат деген сөз бу. Бир аз, аз эле сүрөп, сүрөп койсо, кичинекей көкүрөктөгү сезимдер булактай жанып, бактылуулукту аччудай бала. Анткен менен бала, бала да, бала айтып бере албайт да, жүрөгү сезгенин да туйганын, атүгүл укканын да, көргөнүн...
Бизде, бизде болсо... билим-тарбия алуудабы же берүүдөбү ал жөнүндө сөз да жок. Окуу, окуу деп айтат... Бул жерде, урматтуу окурман, “...оку, оку,” – десе: “- мен сабатсызмын, окуганды билбейм,” - деп айткан бир нече улуу инсандардын өмүрүндө болгон окуялары эске келет экен эмнегедир... Анын ичинде пайгамбарлар да бар деп, эске алып, салават айтып, ой жүгүртсөң, - бу инсандардын көсөм, күчү, эс-тутуму чексиздей көрүнүп, окуп-жазуу эмне себептен келип чыккан деген суроо жаралат экен... Көсөм, телепат демекчи, убакытты мейкиндиктей көрүп турган адамдарга жазуунун зарылчылыгы жоктой эле сезилет. Баардык маалыматты убакыт менен мейкиндиктен алганы – бул ак нерсе деген чындык келип чыгып, бу билимдүү болууда – адегенде сезип-туюу зарыл экендиги, акылга ачылат. Сезип-туюлган нерсе гана жазылат го бу илимде демекчи, туюу маселеси алдыда... Убакыт, мейкиндик, сезимдерди туюу маселеси турат келечек муунда...
Жан дүйнөсү бай деп айтылабы бизде... Бу өз көөдөнүнө сиңмек тургай, сезимдери тегерекке жарыктай төгүлгөн улуу инсандарда, түркүн илимди, өнөрдү, даанышмандыкты ойгото, өзүнө батырган улуу инсандар ойго алынат экен мындайда.
Урматтуу окурман, сөзүбүздү бузбай, уланта берели. Биз билим алуу ыкмаларына келдик беле? Ооба... Бүгүнкү күндө деле адегенде санаганды, андан соң окуу, окуу менен кошо балага жазууну үйрөтөбүз го. Атүгүл кыйнап болсо да, көнүктүрүп жүрбөйбүзбү дегенибиз, бу табиятка ылайык туурасы – салтта болуп жүрбөсүн деген сөз бу. Бул жерде көңүлүбүздү бура турган аябай демекчи, өтө эле маанилүү жагы, урматтуу окурман, бу жан дүйнөнү кубанткан сүрөп, сүрөп көнүгүүнү кылбаган, өз көөдөнүбү сезимтал, же дене бою толо өнөрбү, бу сезимтал бала, адам баласы – тээ алыста, өкүнүчтүү... Тээ алыста балалыкта эмнебизди калтырып коюудабыз? Карап көрөлүчү өзүбүздүн тээ алыскы балалыгыбызды...
Кайда... Каякта калды көкүрөктөгү күчтүү сезимдер? Көз ирмемде кубанткан, көз ачылып, бирок жабылгансып, назданткан сезимдер каякта калды? Эмне болду, жерди караткан кызартып, уялткан биринчи жүрөктөгү сезимге? Каякта калды сезимдер? Жаратман күчтүү сезимдер, аң-сезимди толук кандуу демекчи, толуктаган сезимдер...
Бу илдет демекчи, даам-жыт сезбей калгансып, сезим туйбай калганыбыздын себеби эмнеде? – деген суроо келбей койбойт экен учурда...
“Кош бол эми, балалыгым!” – деп, урматтуу окурман, тээ алыста адам баласы балалыгынбы же өсүп, өркүндөтчү сезим дүйнөсү менен жаратман күчтөрүн жоготуп коюудабы?
Урматтуу окурман, бул өтө маанилүү нерсе, сөз, – балдар... биздин балдарыбыз жөнүндө болууда. Бу эрк деле – сезим, тиги кут, береке сыяктуу эле эрк, эрк дагы – сезим. Саясый эрк деген сөздө саясат жок. Ички руханий күчтөрдүн бири болгон эрк маселеси бар. Ден соолукка да, аң-сезимге да түздөн-түз тиешеси бар эрктүүлүк маселеси бар. Өз үстүндө амал кылдырган да эрк маселеси бар... Бу мээде жаралып, анан дене булчуңда да, көкүрөктө да орун алган эрк сезими же эрк күчү болгон маселеси бар..
Сезимтал балалык – бул философия эмес да, бул жомок... Бул божомол эмес, жомок, урматтуу окурман. “Өзгөрөр бу турмуш божомол”, ойгонор бу адам, ойгонор демекчи. Жомок дегенибиз, бу – кашкайган же болбосо чыркыраган чындык. Анткени баланын сезимталдыгындагы миң түркүн, жаратман күчтөр дүйнөсү, бала тили менен сүйлөгөндөй эле, апачык, апачык эле көрүнүп турбайбы. Жомок сыяктуу эле бала баардык нерсени билет, ошол себептен жылмая күлөт дегени бу баба сөзүнүн, - бу жомоктун алгач маани-маңызын кабыл алып, туюп, ар бир сөз, жомок сөзүндө катылган сырды чечмелеп, андан соң ар бир сөздөгү тамгаларда жаткан табышмакты ачса, бир көнүгүү же ыкма чыга келет деп айтылган сөз бу. Ошол сыңар эле, баланын сезимталдыгында алтынчы жана жетинчи сезим сырлары өз учурун күтүп: “эртең мен, мен гүлдөй ачылып... эртең, эртеңки күнү мен ханыша-ханзаададай болуп мөмөлөйм...” деп күтүп жаткан сезимдер эмнеге, “оромол” өңдүү, жоголууда учурда? Жомок – жөн эле сөз эмес, жөн эле айтыла бербес... Жоголор бу божомол, ойгонор сезими... жомок сезими...
Жомок бу адамдык дил, сезим ойготуп, сезимдерге байытып, купул толтурса... бу философия, идеология “ойготот”, негиздейт...
...идеология, идеология эч нерсени сезбейт. логика, логика идеясы - адам баласында “ойгонот”. Жан дүйнөнү жабыркатып, адамды өзүнөн алаксыта, буюм менен ойнотуп коёт...
Бул жерде айтып, белгилеп койчу нерсе, алтынчы жана жетинчи сезим, урматтуу окурман, – бул сөссүз эле чыгармачылыкты ойготуу маселеси эмес го, обон же роман жаратуу демекчи. Алтынчы, жетинчи сезим – бу бизнес, илимден тышкары, бу жаратылышка уюу, аны сүйүү дегенди да билдирет эмеспи. Олуя, пайгамбарлар сырдуу жолу демекчи... Жаратылышка камкордук көрө албаган – бу өзүнө өзү климат маселесин алып келген... Бу коом-чөйрөнү кой, өз ичиндегисин ойготпогон ата-энеге деле, бала, балага деле күйүмдүү болушу күмөндүр...
Логика адам баласын окутуп-чокуткан болот, бирок өз башына келген маселени да сездирбейт. Логика “жан дүйнөсү” кенебейт.
Бу сезимдердин бири өнөр ойготсо, экинчиси, белгилүү, ооруу илдетин алып келет эмеспи.
Бу кайрым сезими демекчи, бүгүнкү күндүн сезим маселеси – бу балдардын кардын тойгузуп, белек-бечкек менен чектелбешин талап кылуусу менен бөбөктөрдүн жаратман дүйнөсүн сактап, өз өнөрүнөн өзүнүн купулу толгудай мамиле, илим берүү күнү келди деген маселе күнү. Бала өзү менен өзү жалгыз калып, аңгеме куруп, ойноп, энени сагынып, күтүп, атаны эңсегенде келген жомоктун... маңдайынан сылап келген жомоктун... эркелетип, сооротуп келген жомоктун күчү менен келген күнү...
Жалаң эле логика менен алектенген акыл-эстин, бара-бара сезип-туюусу төмөндөп, боору катат, таш боор болуп, музга айланат деп айтып келүүдө эмеспи жомоктор...
Бирок жүрөктөгү от өчөт деген жомок сөзү, - көкүрөктөгү от өчөт деген сөз эмес бул... деп айтууда кайра эле, ошол эле сезим болуп, сезим менен өнөр ойготкон жомоктор... Илим, иликтеген илимдей... айтат эмеспи жомоктор... Сезип-туюп... Сүрөп, сүрөп турган жомоктор...
Жалындаган жаш оту дагы, жашоо оту деле өчпөйт деген жомоктор. Туюу төмөндөйт, бу жыт-даам сезбей жаткан илдеттей. Баленин баарысы – бу сезим жаратпай жаткан мээде. Мээнин негизги функциясы – бу сезим жаратуу. Адам ошол үчүн жаратман.
Илдет, адаттан арылуу жолу – бу сезим жаратуу, психосоматика демекчи. Жана телепаттыкты ачуунун жолу да бир – бу сезим ойготуп, көнүгүү. Бу же тиги токсикомания менен ушакчылыктын пайда болуу жолу бир – сезим болсо, башка ооруу деле ошол сезимден. Өнөрү да сезимден, илдети да сезимден. Бири өнөр ойготсо, бири уктатат, уйку сезими да демекчи. Идеология жана логика жүрөктөгү акылды уктатат. Обо эне демекчи, бу обо – сезим, эне сезими эргүү го. Ойготуу сезим Булак Отун деген сөз окшобойбу. Ал эми жомок сөзү – бу баба ок сөзү..
Баба ок сөзү – бу туюу...
Туюу зарыл... Туюу кескин төмөндөйт деген маселеде, анын себеби ичтеги от, дене өссө да, бою теректей, дене боюна жараша эрк сезими эле мээде жаралып, кыймылдын негизинде дене бою орун алган болуп, башка сезимдер пайда болбой калат, бара-бара өчөт – уялуу кетет, сүрдөө калат демекчи. Дене дайым – кыймылда. Ошол себептен эрк сезими тынымсыз мээде жаралууда. Башка сезимдер, жалындабай, от болбой, чок болуп, мелтиреп калууда деген жомок сөзү, жомок кеби бу. Бүчүр, бүчүр бойдон калды деген сөз бу... Өкүнүч сөзү... Балким, көзү... Көкүрөк көзү... Өкүнүч майданындагы көкүрөк оту менен кошо көкүрөк көзү өчтү деген жомок сөзү...
- Логика бакты алып келбейт, ал – негизинен оюнда, илимде колдончу күч... Бакыт ойгонуусу абзел, - деп бир даанышман шахматистке айтса, шахматист:
- Мен – дүйнө чемпионумун, мен бактылуумун, - деп бир чети кубана, экинчиси ардана жооп берген экен. Анда тиги:
- Чемпиондук титул – бул ийгилик, ал эми бакыт – бул ойготчу сезим, - деп кайра эле кайталап. - Ийгиликке жетип, бактылуу болом дегендер – арбын; а бакыт сезимин ойготуп, сезимдерди толуктап, анын аркасынан кут, береке демекчи, ал нерселерди бакыт аркасынан тартуулагандар – сейрек, жокко эсе; ода айткан – чанда эмеспи, урматтуу чемпион, - деген экен даанышман... Жашоонун маани...
...жашоонун маани-маңызы демекчи... Логика – илим. Логика күчү менен, албетте, көп нерсе жаралды. Адамга көп пайдалуу нерселер жаралды... дегенибиз, бул башка жол, сол тарап демекчи... Өзүнөн тышкары жол.. Өзүнөн алаксыткан жол... Оң жол ички, ички дүйнө сезимдер жолу... Бири учкуч курам десе, бири убакытты өзүм кесип, өтөм дейт. Бири иштеп, окуйм десе, экинчиси поэма жазам деп айтат эмеспи...
Ошол себептен бу сезим ойготуу – бу туюу жолу, жаратман жолу. Бу жаратмандын көптү көргөн акылынын дүйнө тануусунан да – сезим менен кабыл алуусу кенен да, терең деген, жомок, жомокчу көрсөткөн сөз, улуу сөз. Көкүрөктө сезим оту өчсө, эмнеси менен кабыл алып, эмнеси менен көрүп, эмнеси менен учмак... Сезим канаты сынган соң деген жомок сөзү... Дүйнө таануу көрүп, укканынан, окуп-чокуганынан болсо, кабыл алуусу – табигый сезим, сезим жолунан го. Табиятты бузган болбойт го. Күндөлүк турмушта деле жеке логикага таянган мүмкүн болсо да, брак по расчету демекчи, бирок жомоктогудай сезим, сезим менен жашап, өмүр сүрүү артык го, урматтуу окурман. Турмуштун ысык-суугу же жылуу мамилеси – бу көкүрөк сыры го. Жаратманга күндөлүк жашоодо сезим жаратып, арноо – маанилүү го...
Баса, бу көөдөн, көөдөн демекчи, бир студент дейли. Бу кесипкөйбү же жан дүйнөгө – кер, ал эми кесипке – корбу, айтор кесипкөй бу заманга жараша, тиги жигит дебей, студент… студент дейличи. Бу куудулдар айтмакчы, «жо-жок, ал адам эмес, ал – чоң саясатчы, ал - начальник» демекчи, айтор бир студент... Мектеп окуучусу эмес, студент үйүнө келип, күзгүнүн алдына туруп, адегенде үстүндөгү көйнөгүн чечип, төшүн бир тиктеп, андан соң кайрылып капталынан да, кырынан да, өңүнөн да түсүнөн, жонуна чейин күзгүдөн каранат имиш деп:
- Эми бул эмнеси десе - бу, көрсө бу көөдөнү тууралуу кеп уккан неме, сөздүктөн көөдөндү «туловище» деп котормосун окуган экен,- деп бирөө күлсө, бул учурда:
- Ой, бу дененин көөдөнү менен аң-сезим көөдөнүнүн айырмасын сезип-туймак түгүл, билбеген муундан эмнени күтсө болот? Понимаешь? – деп сүйлөнгөн немеге:
- Аны баладан эмес, өзүңдөн издеп тапканың, туура болот го, - деп жооп берген экен бир акылман… деп мурдатан эл оозунда жүргөн окуяны эскерели да, урматтуу окурман, сөзүбүздү улай берели… Бу, бу деп… Бу…
Мектеп, керек болсо бала бакча «посмотрим на примере» дегендей, бу X+Y=Z дегенге окшотуп, маселени чечүүдө же болбосо сезим, сезимдерди ойготуп таанууда, балдарга ылайык көрсөтмөнү билим жааты бу эпос же болбосо дастандардан көбүрөөк ала баштаса, көкүрөк туюу бир аз ачылгансып, турмушунда сезим тааныган адам – көсөм болгонго шарт түзүлүп, жол ачылчудай… акыйкат адилетти сезет деген маселеде уят, намыс ойгонот деген учур да, бүчүргө окшогон учур келди, бирок бул жетишсиз деп…
…балага: « Бала да,» - деп логика оюн, ыкмаларын бере бербей, учурда балага бата берүүдөн баштайлы..
Урматтуу окурман, БАТА деген баба сөзү деги бул өзү эмне? БАТА деген бабалар сөзү кандай чечмелениши мүмкүн. Бул сөздү жаратканга эмнелер себепкер болуп чыккан? Эмнеге БАТА деген сөз бул тамгалардан түзүлгөн? - деген суроого көңүл буруудан баштайлы да, бу… бу бата…
Бу бала-чакалуу болуп, дарактай тамырлануубу?
Б А жана Т А демекчи.
Же болбосо: бакубат жашоону ааламдан тилегендикпи адам баласына?
А балким, мүмкүн, жогорку аң-сезимине ылайык бийик амал, амал талабы болуп жүрбөсүн?
Кайсынысы дал келбесе да, жакыныраак болот?
Муну логика жолу менен чечем десеңер, адашасыңар, чарчайсыңар, тажайсыңар, жыгылган күрөшкө тойбойт болуп, алыша бересиңер. Атүгүл жөөлүп дагы башташыңар мүмкүн. Бирок дал ошол жөөлүп баштаганда, сезим… сезимдер ойгонуп, логика алсырайт да, өчөт. Ошондо гана жообун табасыңар. Жоопту сезим берет, сезим берет жоопту, сезим эч качан жаңылбайт да, адаштырбайт… деп сыр, сыр ачкан болот жомоктор, урматтуу окурман… демекчи бу…
Бирине аң-сезим маданият болсо, экинчиси илим дейт.
Үчүнчүсү катасыз, туура жазгыла, сабатсыздар, деп какшанат.
Төртүнчүсү таң кала: «Э-э, жараткан! Аң-сезимдин жүрөгү, көкүрөгү, көөдөнү – уяттуу кыз, намыстуу жигит эмес беле… Аң-сезим – бу абийир, бу жанагы, жанагы адам, адамгерчилик деген сезимдер эмес беле!» - деп үн катып, сезим, сезим тыңшайт…
Абийирди, адамгерчиликти туйбаган, бети кызарып уялбаган кантип болсун аң-сезим?
Анда бу… эр азаматтын, кыз-жигиттин акылы жүрөктө демекчи, буда ой жокко…
Эстүүлүк каякта андай сезими, жүрөгү кер акылда, көр жанда… деп үңгүрөнө, үңкүрдөн чыккансып, көкүрөктөн үн чыгат дейли да, урматтуу окурман, жомоктогудай бу..
...Бул даанышмандар китебинин биринчи бөлүгүнөн алынган кеп сөз дейли, урматтуу окурман...
Экинчи бөлүгү: бу аң-сезим чексизби же сансыз тажрыйба эси деп уккан-көргөнүбүз менен бөлүшүп, айтып коёлу. Себеби бизди улуу тоого жогорулатып чыгарчу аңгемечи, жомокчу түздөн-түз бата берчү тоо – бу Бакай, Манас, Кошой аталардай... өсөр, өнөр бу бала экени анык. Анык деп бу маанилүү жагы: аң-сезим – биринчи чоң жарылуудан баштап топтолгон маалыматтын да, түрлүү кыял-сезим менен коштолгон амалдын да күбөсү тургай, амал, амал ээси десек, туура болчудай го дегенибиз, канда бары бар. Керек болсо биринчи чоң жарылууга эмне, кандай сезим түрткү болгону тууралуу кабар да бар дегенди билдирет экен бу, урматтуу окурман. Акылы бар, аң-сезими менен мактанбайт дечү экен тээ илгертен бабалар. Бала сезимтал демекчи, сезим – табигый нерсе тура жана ал башынан эле бар окшобойбу. Жомоктогу сырдуу карыянын колундагы аса-таягы сыяктуу, бу жараткандын суусундай башында эле бар - бир кол, бир жең окшобойбу, – бул нерсе. Суунун, аң-сезимдүү акылдын да эс-тутуму бар. Суунун эс-тутуму бар имиш. Эс-тутумуна ылайык өзгөрөт экен түзүлүш.
Сөгүнгөнгө – тикенек. Жакшы сөз – жыланга да өтчү сөз демекчи… бу…
Улуу тоого чыккан барбы, мунун сырын билген барбы? Жан, жандын үнүн уккан барбы? – деп эмнесин сурайт жомоктор... Бу жандын таттуу даамын таткан барбы?
Бу сууда жашоо кантип пайда болгон? – деген суроодогу маселени адамзат бара-бара, бу сезимден өнөр өсүп чыгууда деген түшүнүктөн алып чыгат.
Сезимтал баладан жооп табат. Сезимтал – бул өтө күчтүү сезимдер. Сезимтал – бул телепат.
Сууда жаныбарлар жаралышы – бу сезимден жетимиш өнөр демекчи, өнөр өсүп чыгат. Анын ичинде эң жөнөкөй өнөр – бу сөз. Керек болсо, алгач тамга эмес, сезим сөзү…
Бул сезим күнүнүн талабы. Сезимтал балдардын бүгүнкү жана эртеңки телепаттык көрөр күнү.. Ичер суусу сезим болсо, көрөр күнү – өнөр.
Бу жомокто, өзгөчө белгилеп койчу нерсе, бу эне тилиндеги жомокто чыркыраган чындык демекчи, эне тилиндеги эпос-дастандарда кандай берилсе сөздөр, ошондой сүйлөгүлө деши бу жомоктун, урматтуу окурман. Бу – эртеңкини ойлогон, бүгүнкү күндүн кажети… Көөдөн, көкүрөк, дил деген сөздөрдү көбүрөөк өз ара колдонуу – бу сөз, сөз байлыгы аркылуу сырдуу илимди таанууга алып барып, ата-бабанын жана келечектин илимин ачууга алып келет деген сөз бу.
Илимди ачууда маселе…
...бирөө бизге арткы көпүрө десе, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөбүз да баарыбыз, туурабы?
Оруска “задний мост” же “кардан”десең, ошол замат жерди карай эңкейип, оңоп, түзөп унааңды колуңа кармата салат эмеспи.
Ошол сыңар эле, булдурап деле кыргызга “көөдөнүм көңдөй сезилет,” деп эле койсоң, орус задний мосттун май тамчылаган жерин жамап, оңоп-бүтөп, азайып калган майын куюп койгондой эле, адам аң-сезимин сезимге толуктап, иреттеп койчу жайы бар илими бу, улуу баба илими. Бу адам тууралуу улут, улуттук илимибизде маселе. Аны, ошол илимди алгач өзүбүз өзүбүзгө ачып алууда жатат маселе, урматтуу окурман...
Илим, бу батыш илими аалам-жердеги химия-физикалык процесстерди ачкандай эле, биз эпос-дастандардагы адам, адам аң-сезиминин сырларын ачып, илим катары алып чыга турган күн келди... деп айтууда маселе... жомок маселеси...
Көөдөн, купул сөздөрүн колдонуу, урматтуу окурман, бу көкүрөктү ачып, туюуну күчөтөт. Туюу болсо өз учурунда кабыл алууну тереңдетип, тарытпай кеңейтет деген сөз бу. Бу сезимтал, баланын сезимталдыгынын сыры – сезимдер экенин көрсөткөнү бу .Адам өмүрүндө кезиктиргендин баарысы – устат демекчи, бу биздин сезимтал балдар менен алардын сырдуу жомоктору бүгүнкү адамзаттын устаты болбосо да, папа Карлосу экендиги көрүнүп калды го. Муну туюп, чындыкка жеткен Буратино – же адамзат деп коёлучу. Бу алтын доор ачкычын дал ошол балалын сезимталдыгынан табат. Сезимтал сезимдер демекчи, аларды ойготууга мажбур, адамзат мажбур болот.… көсөм, көсөм, жаратман көсөм болом деген адамды, канткенде адам адам болот дедирип… бу жомокчу, андан соң жайчы болуу жолунда сезим ойготуу – адамзаттын алгачкы кадамдары болуп саналып калат. Канда, аң-сезимде баары бар. Тоонун бийиктигинен да терең, өтө эле тереңдикке кеткен тамыры кызыктуу көрүнөт деп жаман айтпай демекчи…
Бу сөздү «адамдын сезимдер уюткусунан терс сезим удургуп чыгып, баш териде орун алса, эмне болот?» деген суроо сөзү менен толуктап, улап кетели. Жер өзөгүнөн атырылып, тоо чокусунан аткан вулкан сыяктуу, терс, терс нерсе чатак экенин, жомок тургай, тарых деле көрсөтүүдө го… деп…
...кыска, жөнөкөй, мектептеги эле химия, физика тили менен айтканда, сезимди түзгөн заттар, акылды токуп турган «атомдор» менен аралашса, акылыбыздын ордун ээлебесе да, таасирин берип, акылдан адаштырат деген маселе келип чыгат эмеспи… Ички дүйнөнү будаланткан акыбал пайда болору, ар бирибизге белгилүү го… балачактан… ыза болуп ыйлайсың, кыйнайсың да, кыйнайсың демекчи…
Бул учурда айта турган нерсе, бу бала ыйлап, таарынып, акыры басылат дечи, улуулар көңүл буруусу менен, бирок балада деле көңүл бар. Сезим бар. Күчтүү сезимдерди мээ жараткыдай алы бар. Бала ошондуктан сезимтал. Ал эми улуулар, сезим жаратып көнүкпөгөн улуулар иши – татаал. Уруш-талаш, мушташ, ажырашуу, соттошуу амалдары демекчи, психолог дагы жардам бериши – күмөн. татаал кырдаал бу.
Телепат, көсөм дегенибиз... Эрк аз болсо дегенибиз, урматтуу окурман, бу мындай акыбалда эгерде эле акыл мээни генератор, генератор сымал колдонуп, эркти түзгөн заттарды көбөйтүп, акыбалды өзгөртө, жеңип чыкпаса, терс сезимдин заттары көбөйө берип, адамды арбап алат деген процесске күбө болобуз деген сөз. Чынбы бу же чын эмеспи? Албетте, чын. Демек биринчи учурда оозеки билим. Андан соң “практика”, көнүгүү – кажет.
Муну айтып жатканыбыздын себебин, өзүңүз деле түшүнүп жаткандырсыз, урматтуу окурман. Бала көргөнүн кылат дечи. Бирок адам баласы түркүн эксперименттерди өзүнөн тышкары кыла берсе, техника эле өнүгө берет. Адам баласы өз үстүндө амалдануусу – абзел деген сөз бу, урматтуу окурман. Бул жолго иликтөөдөн баштап көнүгүүгө түшкөн а
AbuSaid
Телепат "ТМ"
Опубликовано: 22.07.2020 18:19
Обновлено: 06.08.2020 00:30