Проект "Школа Личностей"...

Договорная
Продаю
Таза коом алкагында…
Кыргыздын илимин эскерүүдө…
Кабыргам кайышып, омурткам омурулуп…


Манкуртизм 3.

Осознанность – это привилегия.
Это дар через самопознание, раскрывающий человека.
Дар дающий все блага от духовных до материальных.
Сознательность – это участь, жалкая участь
ведущая в никуда.
Это дорога ошибок и заблуждений
Аң сезимди жогорулатуунун 24 багыты.
«Аң сезим» бир гана окуу, тарбия, билим алуу менен чектелбеши абзел. Адегенде биринчи аң-сезим деген бул өзү эмне, эмнеден жаралган, кандай материядан токулуп түзүлгөнүн аныктап алышка адам баласы муктаж.
Аң-сезимди жогорулатуу, өзгөчө комплексти талап кылган ыкма катары кабыл алынышы керек. Баш тери менен жон тери - адам баласы өзү жеке үстүндө амал кылынуучу плазма сымал нерсе. Анткени алар кеңейүүгө да, жукарып тарууга да бара алат. Суу канча формада боло алгандай, баш тери менен жон тери да өзгөрө алат. Ошондуктан билим алуу менен бирге, өзгөчө психофизикалык көнүгүү ыкмалар сөзсүз түрдө болушу милдет. Ошондо гана адам баласы Айтматовдун сөзү менен эскерткендей «манкуртизмден», Фонвизиндин «недоросльдигинен» же илимий медициналык сөз менен айтканда - шал оорусунан сактанып калат да, акыл эстүү инсан болуп калыптанат.
Бул илгерки ата-бабаларыбыздан келаткан пайгамбарлардын, олуя, дервиш, дүйнө тааныган инсандардын улуу жолу жана дагы азыркы адамзаттын эртенки күнү.


_____________________________________________________
Түшүндүрүү ирээтинде… Батыш, чыгыш, орус илимдерине чоң ыраазычылык билдирүү менен бирге…
Ааламда, жерде, көптөгөн көзгө көрүнгөн да, илинбеген да нерселер, микробтон баштап планетага чейин материядан түзүлгөн. Ошол сыяктуу аң-сезим, сезим, акыл-эстин дагы өзүнүн түзүлө турган материалы менен куралы бар. Миңби же миллионбу айтор, көптөгөн кылым карытып эл оозунда келе жаткан баш тери менен жон терини жөн эле сөз эмес экенин түшүнүп, бир сөз менен сезимталдуулуктун «тону» деп атасак, суу булут болуп агарып-караргандай, бууга, музга айлангандай адам баласынын сезимталдуулук «тону» да өзгөрө ала турганын баамдайбыз.
Белгилүү жазуучу Фонвизиндин «Недоросль» деген чыгармасын окуганда, биз денеси далдайып өсүп чыккан, бирок, сезимталдуулук «тону» (баш териси менен жон териси), денеси менен чогу өсүп кеңейбей калган процессти көргөн болобуз. Жаш бала эмес, наристеникиндей болуп калган сезимталдуулук «тону», аң-сезимди да жогорулатпай залалын тийгизүүдө. Демек, биз адам баласынын баш териси менен жон терисинин, же жогоруда атагандай сезимталдуулук «тонунун» бүтүндөй нерв системасын камтыбай калган кесепетти сезип байкоодобуз. Ошол себептен жашы жогорулаган сайын башты, жонду камтыбаган сезимталдуулук «тону», баш мээнин бөлүкчөлөрүнүн шал болушуна алып келет. Аны менен бирге жанагы интеллект, талант, жөндөм мүмкүнчүлүктөрү эле эмес, адам баласына таандык касиеттердин баардыгы жокко чыгууда.
Бул кесепеттин белгилерин азыркы күндө, адам баласынын кулк-мүнөзүнөн байкаса болот. Баарыбызга белгилүү 'эмоциялар' башта жаралат, а кээ бир күчтөр азыркы адамдардын сезимталдуулук «тонундай» көчүк белде жайгашып калгандыктан, кандайдыр бир ой-сезимдер адам баласын толгонткондо дүркүрөп чыккан күчтөр менен кыялдар, чагылгандай чарт этип, ортодо чыккан кагылыштын негизинде адам баласын жаман дагы, жагымсыз дагы акыбалдарга алып келип жатканы баарыбызга белгилүү.
Эми урматтуу окурман, «аң-сезимди жогорулатуу бир гана окуу, тарбия, билим алуу менен чектелбеши абзел» деп кесе айтканыбызда «эмне үчүн?» деген сурооңузга, өзүңүзгө-өзүңүз «бул суроо эмненин негизинде жаралды» деп кайра эле суроо узатып көрүңүзчү.
А биз бул учурда, өзүбүздүн оюбуз менен бөлүшүү максатында, сиздин көңүлүңүздү «тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт» деген сөзгө буралы.
Энштейн, Ньютон, Менделеев ой-сезим аркылуу, акыл
жаратуу - сырдуу ыкмаларын өздөрүнө калтырып, а 'чайналганын',- «жаттап, эсиңе тутуп ал» деп койгон учурда, өзүбүздү тоту куштан артыгыраак көрө алабызбы. Демек, «эмне үчүн?» деген сурообуз, жөн эле ойдон же жаттама билимдин негизинде чыккан болуп эсептелинип калат. Ал эми кабыргаңыз кайышып, омурткаңыз омурулуп, сыздаткандын белгиси болсо, бул чыркыраган чындыктан келген кабар болот. Бирок аң-сезимибиз жаңы түшүнүктү акырындык менен кабыл алып, «капка» салып жайгаштырганын кийинчирек акылыбыздан байкайбыз.
Анкени илгертен келаткан элибизде сөз бар «ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет» деген. Бүгүн, мүмкүн эмес дегенибиз, эртенки күнү кашкайган чындык же карайган калп болуп чыга келет. Бардыгын убакыт көрсөтөт деп алаксыбай темабызды уланта берели. Адегенде суроого жооп табыш үчүн, үстүдө айтылып кеткендей, биз баарыбыз биргеликте аң-сезим деген бул деги өзү эмне?, эмнеден жаралган?, «частица бога»дан бы же ошого окшогон башка эле материядан токулуп түзүлгөнүн аныктап алышка адам баласы муктаж экенин байкап алалы да; анан бара-бара түшүнүгүбүз кеңейип, тереңдеген соң, аң-сезмдин кайсы учурда төмөндөшүн, кайсы себептер менен жогорулашын биргеликте тастыктайлы. Биз бул багыта аң-сезимди аңдоочу, аңчылык кылуучу сезим деп да тааныйбыз. Анткени аң-сезим жан дүйнөнү аңдап – талдоого дагы аны менен бирге жан дүйнөнүн кош жылдызындай болуп, мейкиндикти аралап басып өтүүгө дагы мүмкүнчүлүктөрү бар экенин, XXI – кылымдын технологиялары менен илими аныктап койгондой болду окшойт.
Эми урматтуу окурман, биз колубуздан келишинче, өтө кыска болгонго аракет кылалы. Эл оозунда сөз бар «биринчи байлык денсоолук» деген. Буга байланыштырып «ооруну жашырсан, өлүм ашкерелейт» деген эскертүүгө таянып, алгач сөзүбүздү мисалдан эле баштайлы. Мисал катары бул тарапта, бир жэке бала-бакча жашындагы балдар менен генийлерди койолу да, экинчи жээке көпчүлүктү кою менен бирге, өзүбүзгө суроо узаталы : эки жээктегилердин негизги айырмасы эмнеде деп? Албетте, улутунан тышкары, бизди айырмалаган баш тери менен жон терибиздин мүмкүнчүлүктөрү менен жөндөмдөрү. Башкача сөз менен айтканда, мээнин кабыл алуу сезимдери менен бирге, эс тутум, элес, жөндөмдөрү бир жээктегилердики экинчилерге салыштырмалуу өтө эле күчтүү. Ошону менен бирге өзгөчө баса белгилеп кетүүчү нерсе, балдар менен генийлердин сезимталдуулугу бирге тете да, берки жээктегилердикине караганда алда канча жогору. Демек, мындан биз кандай туура жыйынтык чыгарабыз : албетте, кыргызбыз жылкы таптаганды билебиз, бирок, адамга келгенде илим унутулуп калгандыктан түшүнүк жетишеерликсиз, ошондуктан бул кандайдыр бир ушул тармактагы сабатсыздыктан чыгып келген оорунун эле белгиси, а кесепети мээнин функцияларынын алсызданышы, анткени үстүдөгү салыштыруудан, бул оркойгон айырмачылыктан башка жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес. Бардыгыбыз эле бала жашында болгонбуз да, эми мындай болгон соң, биз бала бакчадан баштап «знание – сила» деп ураан катары желбиретип көтөрүп жүргөн түшүнүгүбүзгө, «эмнелерди билүү бул – күч?» деп суроо узатсак, жообу кандай болоор болду экен. Сизге кандай жооп келүүдө, урматтуу окурман. Албетте биз билбейбиз.
Бизге болсо, ата-бабаларыбыздын динге дагы даанышмандык менен баа берип «чала молдо дин бузат» деп айткан осуяты, бул шартка ылайык жан дүйнөгө өтө катуу тийүүдө. Демек, чала билим адамдын эң негизги, адамды - адам кылуучу мээ деген 'компьютерин' бузууда жана аны менен тыгыз байланышта кызмат жүргүзгөн акыл-эсти курчутпаганы аз келгенсип, аң-сезимин олуттуу түрдө төмөндөтүп, Айтматов жазгандай «манкурттука» алып келүүдө. Эми урматтуу окурман өзүңүз деле түшүнгөндүрсүз, эмнеге темабыз аң-сезимди жогорулатуун 24 багыты деп аталганын. Билим, тажрыйба аркылуу топтолгон акылыбыздын деңгээлине, сезимталдуулук же «интуитивдүү» ой жүгүртүүбүз кошумча-алымча аркылуу баардыгын ирээттерин эсибизге алалы. Сезим аркылуу ой жүгүртүүбүз менен мээбиздин сол бөлүкчөсүнө тиешелүү ой толготконүбүз бирдикте иштөө натыйжасында гана акыл жаратаарын, эсибизге «вазир жакшы – хан жакшы, аял жакшы – эр жакшы» деген макал аркылуу салалы да, «кабыргаң менен кеңеш» деген сөздүн маанисине көңүл буралы.
Акыл – эр азамат, жигит, кабыргадан жасалган аялзаты – сезим. Демек, «кабыргаң менен кеңеш» деп, биз логика менен интуицияны бирдикте алып жүр деген түшүнүк катары кабыл алышыбыз абзел. Эми Манас эпосуна шилтеме кылсак, бизге баардык жагынан үлгү болгон Каныкей энебизди акылман дейбиз, Манас атабызды айкөл деп тааныйбыз.
Демек, аялзаты көбүрөөк логика менен алек болушу пайда берээрин түшүнсөк, «эр-азаматка жетимиш өнөр аздык кылат» дегенден биз, жигиттер мээнин оң жак болүкчөсүнө басым жасаш керек экенин түшүнүп алышыбыз өтө маанилүү. Бул жерде кыска эске сала кетүүчү нерсе, мээнин эки бөлүкчөсүнүн чеке жагы кайчылаш түрдө, колу – бутубуздун кыймыл араккеттерине жооп берсе, эмгек тушубуз мейкиндик менен байланышкан иш – амалдардын үстүндө болсо, кара куш жагы бүт кабыл алынган маалыматтарды чечмелеп, жооп берүүчү бөлүкчөлөр болуп эсептелинет. Демек, аялзаты оң бөлүкчөсү менен, эркектер сол бөлүкчөсү менен өмүр сүрөт дегендин өзү жаңылыш. Анткени азыркы адамдын бир жак бөлүкчөсүнүн эки бармактын башындай эле бөлүгү активдүү акыбалда. Жанагы 3%ке тете деген интернеттеги жооп ушуга байланыштуу болсо керек. Эгерде бир жак бөлүгү толук иштесе, баардыгыбыз азыркы замандын генийлери болмокбуз же Айчүрөктөй болуп ак-кууга айланып, Семетей сымал кайып болуп, башка дүйнөлөрдү аралап кетмекбиз. Жогоруда жазылгандардын далили болуп кабыл алуу сезиминин тардыгы, ой жүгүртүү, элес функциялары эле эмес, баардыгыбыздын оң жак бөлүкчөбүздүн алсыздыгынан, бир жак колубуз менен бутубуз, экинчи жагына караганда күчсүз болуп калгандыгы билдирет. Урматтуу окурман, жаратылышка көңүл буруп көрөлүчү: оң канаттуу же сол буттуу тоту куш болобу?, албетте болбойт. Жаныбарлар дүйнөсү адамдай болуп акылдуусынып сезимдерин жокко чыгарбайт. Өтө жөнөкөй оңдон солго, солдон оңго жазуу көнүгүүсү ошол кемчилдикти өзгөртүүгө шарты бар. Атүгүл велосипедке, атка оң жактан минүү же дүйнөдө жаратман улуттардын бири болуп эсептелген япондордун өзүлөрүнө автоунаа жүрүү эрежесин дагы, рульду да оң жака жайгаштырганы дагы ушуга эле байланыштуу болсо керек. Мунун пайдасы эмнеде?, мээнин оң жак бөлүкчөсүнүн сезимдер жаратуу функциясынын күчөшү менен, оң бөлүкчө менен сол бөлүкчөнүн ортосунда жайгашкан эпифиз же үчүнчү көз деген «органыбыз» ойгонот да, өзүнө ылайык милдеттерин аткара байштайт. Эми биздин темабызга эпифиздин кандай тиешеси бар деген суроого жооп катары, үстүдө айтылган аң-сезимдин аңдоочу милдетин эсиңерге салалы. Ушул эпифиздин жанданышы менен, аң-сезимибиз баш тери менен жон тери камтыган дүйнөлөрдү өзүнчө бөлүнүп чыккансып аңдай баштайт; мээбиздин сол жагында жайгашкан «полушариенин» бир бөлүгүндө, биздин бүткүл өмүрүбүздө топтогон маалымат бар, ошону аң-сезим өзүнчө аңдайт. Мээнин оң жак «полушариесинин» бир бөлүгү сезим, кыял жаратып сактап алуучу дагы дүйнөлөрүн өзүнчө тыңшайт, ошол эле учурда, аң-сезим эпифиздин күчү менен жан дүйнөнү коштоп, убакыт менен мейкиндиктен маалымат алат дагы, берет дагы. Аң-сезим эпифиз аркылуу аңдоочулук кызматын так аткара баштаганда, биз өзүбүздүн ичибиздеги баалуулуктарды түзгөн «эгобузду» көрөбүз. Анан ошол баалуулуктардын негизинде жалпы аң-сезимибиздин деңгээлин аныктайбыз. Эми биздин баалуулуктар эмнени түзүшү мүмкүн, бир жааты илим-билим, маданияттан түзүлсө, экинчи жагы караңгылыктан баштап ыплас, жагымсыз, адам баласын ирээнжиткен дүнүйөкорлук, зынаакорлук, баңгиликтен «эгобуздун» түзүлүшү, бүгүнкү күндө тазалыка коомубузду буруудадыр. Демек урматтуу окурман, эң биринчи жаралган «эмне дейт» деген сурооңүзга жооп кылып, аң-сезимди жогорулатуу ирээтинде сөзсүз түрдө психофизикалык өзүңдүн үстүндө жеке амал кылынуучу көнүгүүлөр, милдеттүү түрдө болуш керек десек, сиз жогоруда жазылгандардын жыйынтыгында кандай ойдо каласыз.
Бул жагдайда урматтуу окурман, биздин көз карашыбыз бир тар түшүнүктүн негизинде калыптанганын иликтеп алышыбыз менен бирге, биздин оюбуз башка эле инсандардын ой жүгүртүүсүнүн негизинде түзүлгөнүн моюнга алып, так аныктап алышыбыз, бизди чындыка жеткирет. Ошондуктан жеке психофизикалык көнүгүү, көз каранды эмес, инсандык жолду багыттайт. Буга кошумча кылып айтып коё турган нерсе, азыркы күндө адам баласынын эң чоң орчундуу кемчилдиги `психофизика` деген сөздү аныктай албай жаткандыгында, бөлөк сөз менен айтканда, психофизика дегенди биз көбүнчө ой, эрк аркылуу, дене мүчө, кыймыл аракеттер менен байланыштырып, чектеп алганыбызда. А бул багытта рухубуздун күчү менен эркибиз аркылуу колубузга калемди эмес, эң биринчи учурда мээбизди алуубуз абзел экенин ата-бабаларыбыздан осуят болуп келаткан Манас эпосу да айтууда. Анткени, Манас эпосу бул албетте эң биринчи, кыргыздардын руханий байлыгы, бирок эпостун өзү, мээнин функцияларын бүтүндөй күчтүү акыбалда кармап туруучу ыкма экенин кыргыз дагы, башка дагы али байкабагандай. Мээнин эң күчтүү куралы болуп, элес функциясы эсептелинет. Кээ бир учурларда, теле-көрсөтүүдөн Манас эпосунун тарыхий жагын эле эске алып, фактологияга түшүп кеткенинде, зээниң кейип, 70-80 жыл мурунку съездтерде камтылган; кимдин эмне деп айтканын, эмне деп акыялашканын эстеп кетесиң. Азыркы жаш муун билбестир, Ленин «атабыз» Троцкийге эмне суроо бергенин жана дагы, Троцкий эмне деп жооп кайтарганын, ушул сыяктуу, улуу Манас эпосун жогорку деңгээлдеги адамзатка пайдалуу илим, касиеттүү ыкма катары түшүрүлүп жатканын баамдабаган аң-сезимибиздин деңгээлин, башка эл кандай байкоодо болду экен. Себеби, жогоруда айтылгандай элес туу чокусуна жеткенде, мээ 3D принтер сыякту, жаратмандык күч алат. Ошондо, бир гана сүрөттөө эмес, мээде жаралган кыял менен сезимдер бүт денени дүркүрөтүп, Манас айтып аткан учурда, элес сүрөттөгөндөрдүн баардыгын өңү-түсүнөн баштап, салмагы, керек болсо жытына чейин сездирет. А бул мээнин акыбалы, мээнин бүтүндөй бөлүкчөлөрүнүн активдешкенин билдирет. Демек, алгач мээнин оң жак бөлүкчөсүнүн сезим жаратуусу менен бирге, булчуңдарга өтүшү, бара-бара сезимталдуулукту жогорку деңгээлде кармап турат. А күчтүү сезимдерсиз, кабыл алуу сезимдери мээнин акыбалын, башында жазылган 'экинчи жээктеги' алсыз деңгээлге түшүрүп коё турганын, урматтуу окурман, өзүңүз жыйынтык чыгарып түшүнгөндүрсүз. Кабыл алыш тереңирээк болуш үчүн, «коркконго кош көрүнөт» дегенди эсибизге салалы. Катуу коркуу сезими, элес күчүн дүркүрөтүп жок нерсени сүрөттөөдө. Так ушул акыбалда иштеген мээни, биз күчүндө деп билишибиз керек. Бирок, бир нерсени биз, асман менен жердей айырмалата сезишибиз чоң рольду ойнойт. Ал сезимталдуулукту түзгөн сезимдер менен, биздин эгобузду токуган кыял жана көңүл сезимдери эки башка боло турганын так аныктап, психофизикалык көнүгүүдө туура жаратуу жана булчуңдар аркылуу колдонуу, көнүгүүнүн негизги принциптери болуп саналат. Мисалы: чарчоо сезими менен уйку сезими эки башка.
Муну «керегем сага айтам – келиним сен ук, уугум сага айтам – уулум сен ук» деген сөз аркылуу бир-эки мисал менен бышыктап алалы. Башында белгилеп кеткендей жигитти же уулду логика деп эсептесек, аялзатты интуиция деп тааныганбыз. Бул учурда экөөнө тең мындайча айтканда, сөзү-тили өткөн ким болот?
Демек, ата-эне, биздин илимде рух (дух). Рух эки жаатты ынтымака алып келип, акыл-эстүүлүкө жеткирет. Акыл-эстүүлүк гана жаратман күчкө ээ болот, аян алганга бел болот. «Ырыс алды – ынтымак» демекчи, куттуу элди коштоп жүргөн жан сезимдери баарыбызга белгилүү. Эми ата-эне же рух, тиешелүү даанышмандыка ылайык, мээримдүүлүк жан сезимин жарата ала тургандыгын белгилесек, биз жан дүйнөбүздү кандай сезимдер менен байытканыбызды, дал ошол булчуңдар аркылуу мээбиз менен кабыл алып, аң-сезим менен талдайбыз. Анткени, тил аркылуу мээбизге даам сезими жэтет, эң күчтүү кулак менен көздү, мурунду айтпай эле койолу, ансыз да түшүнүктүү. Тери аркылуу ыссык-суукту, катуу-жумшакты сезсек, анын ичинде жаткан нерв системасы менен тыгыз байланышкан булчуңдар, бизге эмнеден кабар берет. Албетте, мээнин күчү менен жаралган кыял сезимдерден кабар берет.
Эми кандай сезимдер менен көнүгүүлөр жасалаарын, «күлкү ден соолуктун мүлкү» аркылуу чечмелеп кетели. Үстүдө айтылгандай, ден соолук албетте көңүлүбүзгө байланыштуу болот, бирок биз айтып жаткан сезимталдуулук «тонун» кеңейтүү, жогорулатуу ыкмасында, биз таптакыр байкалбаган, адам баласы өмүрүн арнап издеген сезимдерге жакын күчтөр жөнүндө айтуудабыз. Алар ата-энелик, бир туугандык сезимдерге жакын, бирок касиети боюнча алда канча жогору. Ал эми уктап жаткан вулкан сыяктуу, сезимдердин күчтүү деми болгон соң, адамдардын арасынанда өтө сейрек кездешет (так ошол дем - нерв системасы, булчуңдар аркылу мээнин бөлүкчөлөрүн жандандырып, иштөө тартибин оңоп түзөйт).
Эми урматтуу окурман, сөздү жыйынтыктоо иретинде айта кете турган маселе, биздин кыргыз тилиндеги мааниси терең көп сөздөр, мисалы: «кабыргам кайышып, омурткам омурулуп», «баш тери менен жон тери», үстүдө айтылып кеткен, «кабырга менен кеңешүү», «вазир жакшы – хан жакшы, аял жакшы – эр жакшы» ж.б… дагы деле эл оозунда жүрүшү менен, унутулуп калган чоң илимдин урандыларын, көрсөтүп жаткандай болууда эмеспи...
… Жоготуп алган ак-келтебиз, балким өзү ошол илимдир жэ ошонун негизинде жаралып жүрбөсүн… Логика менен интуициябызды ынтымака келтирип, акыл жаратып көрөлүчү…

Уландысы бар…
Абу Саид Дервиш
(Псевдоним).
Проект «Школа Личностей».
Өзүңду Таану.

Тамаша чындыка жараша демекчи, кимде ким мүчөсүнө ылайык сезимталдуулук «тонун» кеңейткенге муктаж болсо… байланыш телефону: +996 703 17 20 94
Опубликовано: 22.04.2018 14:02
Обновлено: 02.07.2018 11:53