Продаю 2-комнатную квартиру, 57.28кв. м., этаж - 5/9, Ахунбаева/Молдогулова.

Договорная
Продаю
«Family house» – бул ар бир тургун өзүн ыңгайлуу чөйрөдө сезе турган өзгөчө дүйнө. Ал Бишкектин абасы эң таза районунда жайгашкан. Буга түштүк тарапта жайгашкан тоолордон соккон таза аба жана турак жай комплексинин жанында жайгашкан ботаникалык бакчанын таасири чоң. Шаардын ортосундагыдай ызы-чуу, башаламандык жок болгондуктан, жана таза абада адам жакшы уктагандыктан, бул жердин жашоочулары өз үйүндө курортто жүргөндөй болушат.
Мындан сырткары, гипермаркет «Глобус», "Народный", БТА банк, ресторандар, мамлекеттик мектеп жана бала бакча, жеке мектеп, окуу борборлору, "Датка" коомдук мончосу, поликлиника, «Family Sport» ден-соолукту чыңдоо жана спорт борбору болгондуктан, жашоочулар турмуш зарылдыктарын алыс барбай эле чечип алганга баардык шарттары бар. Бул дарекке автобустар, кичи автобустардын бир нече маршруттары келгендиктен, транспорттук кыйынчылыктар таптакыр жок.
Турак жайдын концепциясы атайын кардарлардын талаптарын эске алып түзүлгөндүктөн, Сиз өзүңүз жашай турган үйдү кыялыңыздагыдай кооз жана ыңгайлуу кылып бүтүрө аласыз. 6 блоктон турган турак жай комплексинин 9 кабатында 1, 2, 3 бөлмөлүү батирлер бар. Алар 38 чарчы метрден 87 чарчы метрге чейиинки аянтты ээлейт.
Артыкчылыктары:
• - Имараттын конструкциясы бышык монолит жана кирпичтен турат;
• - Ар бир кардардын каалоо-талабын аткаруу;
• - Газ койдурулган;
• - Автономдуу жылуулук системасы;
• - Катуу үн чыгарбаган ылдам лифттер;
• - IP телефония, жогорку ылдамдыктагы интернет, санарип телевидение IP-TV
• - Жер төлөдөгү жана жер үстүндөгү унаа коюучу жай;
• - Кайтарылуучу короо;
• - Балдар үчүн аянтчалар;
• - Универсалдуу спорт аянтчасы;
• - Чоң территория;
• - Резервдик генератор;
• - Жер титирөөгө туруктуулугу 9 балл.
Эң башкы артыкчылыгы баасында. “Эмаком” курулуш компаниясынын өзүнө таандык кирпич жана бетон заводдору болгондуктан, курулуш материалдары арзан түшүп жана сапатына толук жооп берүүчү шартты түзөт. Ошол себептен биздин баалар башкаларга салыштырмалуу арзан. Көпчүлүк курулуш компаниялар бетон, цемент кошулган курулуш материалдарын башкалардан сатып алгандыктан, көбүрөөк пайда көрүүнү каалаган ал компаниялар цементтин арзан маркасын колдонушуп, курулуштун сапатына доо кетирип келишет. Ошол учурду эске алып биздин холдинг өзүнүн бетон заводун ачууну туура көргөн.
Атайын акция учурунда биздин үйлөрдүн 1 чарчы метрин 450 доллардан алсаңыз болот. Ал эми башка учурлардан 500-550 доллардан баштап бааланат. Бул үй-куруу тармагындагы эң арзан баалардан болуп саналат.
Whatsapp: 0704111124
Эмаком
Ахунбаева/Молдогулова
Опубликовано: 25.12.2018 16:15
Обновлено: 26.12.2018 10:10