Подать объявление
Doska.kg - доска бесплатных объявлений Кыргызстана

Объявление устарело (Возможно информация более не актуальна)
Проект "Школа Личностей". Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багыты.

Продавец: Физическое лицо
Цена: не указана
Телефон: отсутствует
Описание
**
Активизация мозга
Расширение восприятия
Усиление интуиции
Духовное пробуждение
Раскрытие интеллекта
Подключение седьмого чувства
**

Осознанность.

Осознанность - это состояние, достигаемое путем самопознания. На этом пути, рождая, осмысленно рождая чувства и поднимая своё эмоциональное состояние, Ваш разум постигнет их суть. И познав, что из них складывается из частиц, а что похоже на волны звуковые, Ваш разум обретет силу не только рождения или творения, но и силу восприятия.
В виду этого, вы осознаете как под влиянием внешнего, обогащается внутренний мир. Как изменяется и растет сознание. Как оно меняется от младенчества до преклонного возраста, когда на этом промежутке Ваш разум познаёт и различает в себе чувство ребёнка, чувства подростка вплоть до родительских чувств отцовства и материнства.
Обретя навыки сотворения чувств, вы постигните суть того, что именуется талантом, и что лежит в основе безграничных скрытых возможностей подсознания. В следствии этого, рождая чувства, Ваш разум пробудит силу подсознания, известную нам, как духовность. Ибо подъём эмоций и чувств активизирует связи в мозге, что приводит к расширению восприятия и повышению чувствительности. То есть, к открытию сознания. А открытие сознания предполагает единство внешнего восприятия и внутреннего состояния, при котором Ваш разум будет воспринимать внутренний мир так же, как и внешний. Ибо наш мозг устроен таким образом, что может обрабатывать одновременно то, что к нам приходит не только через пять чувств, но и через основное шестое чувство.
Открытие сознания покажет Вам то, где и как формируется характер, из чего складывается. Потому как Вы приблизитесь к генетическому коду. И здесь важно отметить то обстоятельство, при котором Ваш разум будет созерцать характер, сформированный в вашем сознании точно также, как утренние лучи солнечного света, проникающие сквозь оконные стекла и тюль. И осмыслив, что лучи солнца это не только частицы света, но и, тепло, и еще много чего иного, Вы постигните, что есть чувство и духовность.
Постижение сути формирования характера откроет пути самопрограммирования и перепрограммирования. А оно в свою очередь приведет к пониманию взаимосвязи эмоционально-чувственного, духовного с физическим. Что позволит постичь не только суть таланта и скрытых возможностей, но и причины неудач и болезней. И откроет пути к пониманию того, что мы называем материализацией наших мыслей и чувств. И Вы, познав, как под влиянием внутреннего, то бишь генетики, вырастает стебель и образуется бутон, Вы постигните как почва и вода под воздействием солнца, словно духовности позволяет раскрыться цветку. То есть к пробуждению седьмого чувства.
P/S.
Наш мозг находится в черепе. Внутри черепа. Он отдельный мир, государство, и, в нем миллиарды связей. И всё же, несмотря на то, что находится внутри черепа, чудодейственным образом, через нервную систему, словно дистанционно передаёт и волю, и чувства, и эмоции, и всё что происходит в нём мгновенно мы ощущаем через собственное тело – нервную-мышечную систему.
В данном случае, наше собственное тело, образно говоря, схоже с нашим языком, всё что воспринимает язык, доходит до нашего разума молниеносно. Холодное-теплое, сладкое-горькое, так и с нашими эмоциями и чувствами. Вопрос только в том, что здесь идет обратная связь. То есть мозг-тело-мозг. Другими простыми словами всё, что рождает мозг, разум воспринимает через мышечную структуру. Рост сознания определяется не только знаниями, теоретическими знаниями, но и силой, и широтой восприятия. То что мы называем шестым чувством или интуицией.
Посему как это два полюса, два полушария. Исключение одного немыслимо, ибо чревато нарушениями.
И, как уже говорилось выше, усиление шестого чувства пробуждая духовность и раскрывая интеллект подключает седьмое чувство. Здесь следует наверное отметить тот факт, что может расти и строится не только мышечная и костная структура, но и то, что мы называем духом, волей и душой. Они склонны строится и расширятся. Некоторые из них складываются словно кирпичики, а иные подобны усилению звука.
И именно благодаря усилившейся интуиции, которую Ваш разум будет использовать подобно зрению и слуху, Вы познаете, что означают слова воля, дух и душа, и что они не взяты “из потолка”, и, ту таинственную силу именуемую мудрецами седьмым чувством, либо талантом или даром. Разум консервативен, он лишь хранитель и наблюдатель, накапливаемого духом и душой. Творит дух, а для души нет границ ни в пространстве, ни во времени. Посредством души, сознание доносит до нашего разума информацию…


Проект «Школа Личностей»
По вопросам тренингов и занятий обращаться по номерам:
0771000944(Whatsapp)
0703998223
0999733745



Канткенде Адам – Адам болот...

…Көч бара-бара түзөлөт демекчи… алгач, Адам баласын, 24 багыттын бири булак сымал, экинчиси агын суудай, үчүнчүсү кичи дарыя сыяктуу, барып-барып бир жерден кошулуп, чоң дарыя өңдүү күч алдырат - дейт даанышмандар. Бул 24 багытты, Адам баласы илимин илиминдей, билимин билиминдей, наркын нарктай аң-сезиминде орун алдырганда, дене-бою өнөргө шыктангандай, акылынын ийкемдүү көрөгөчтүүлүгүнө , «жасаганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң ұчүн» деген менен бирге, өз табиятынын сырлары да ачылат,- деп кошууда акылмандар... Себеби,даанышмандардын айтуусунда, Адам баласынын баалуулуктары өзгөрөт. Анткени, барган сайын жүгү оорлоп, оор басрыктуу, эң баалуу жаратмандын кыраакылыгын тааныйт, андан соң өзүн, өзүнүн табиятын талдап алышы менен тоодой күчтөөнүүсү жайчылыка кадам салат, анан гана сырдуу кайыпчылыктын дарбазаларын ачуу амалына келет,- деп айтылат даанышмандардын китептеринде…
Аң-сезимди жогорулатуунун 24 багыты.
Урматтуу окурман, канткенде Адам Адам болот деген эңсөөдөн келип чыккан суроону, бүткүл Адам заты миң жылдар бою өзүнө коюп келген жана дагы кое берет десек, жаңылышпастырбыз.
Бул маселеге жооп көп; анткен менен, Адам баласына алда канча суроо ашыкча чыга келе берет. Бирибиз тарбия, илим-билим десек, экинчибиз салт,нарк, маданият деп, үчүнчүбүз динге таяп, ар тарапка «лебедь», «рак», «щука» сымал үч багытка кетип чанабызбы же арабабызбы ордунда кала берчүдөй байкалат…
Ошол себептен бул учурда, адатыбызча, аң-сезимге эле токтой берели да, көңүлүбуздү батыштан түптөлгөн, бүгүнкү күндө биздин билим тармагында орун алган анатомия илимине багыттап, дал ушул учурда элес күчүбүздү колдонолу.Ал күч менен 10-11 класстын бөлмөсүнө кирип, анатомия китебин колубузга алганды элестетүүдө, өзүбүзгө тиешелүү, өзүбүздүн менчигибиз болгон, баш сөөктө катылган мээ деген органыбызга тереңирээк көңүл буруп, анын функцияларын ийне-жибине чейин чечмелегенге аракет кылалы.
Ошол анатомия аталган 10-11 класстын китебинде биздин мээнин ар тараптагы бөлүкчөлөрдүн кээ бир жерлери кыял-сезимдерге жооп берет деп жазылган экен.
Бирок маселе дал ошол жооп берет деген сүйлөмдө жаткандай, урматтуу окурман.
Жооп берет…
Кантип жооп берет?
«Жооп берет»,- дегенди чечмелеш же ачкычын табышта кеп жаткандай көрүнөт.
Бул жооп берет деген сөз, деги өзү эмнени билдирүүдө бизге?
Кыял сезимдин жаратылышыбы, ойгонуусубу же жыйынтыгыбы… Бул жерде айтып кетчү нерсе, эгерде илим “жаштыгына”ылайык жетишерлик болсо, же жеке капиталисттерге кызмат кылса, анда баарысы түшүнүктүү. Анткени, жеке ишкер маалыматты өз жеке кызыкчылыгына пайдаланып койгондой, идеология деле өз талабына колдоноорунда күмөн жокко… Ошол себептен, урматтуу окурман, өзүм дегенде өгүздөйбү же тээ илгерки атабыз огуздайбы, өз күчүбүзгө таянышыбыз абзел деп, ой жүгүртүп акылга салалы.
Бул нерсени түшүнүп алыштын мааниүүлүгү маңызында жатат.
Кабыл алып түшүнүү, Адам баласынын таланттуулугунун же болбосо жаратман сырынын ачкычын таптырат. Талантсыз Адам баласы болбойт. Баардык балдар-таланттуу жаратмандар, ошолордун талантын өчүрбөй, өстүрүп, гүлдөй ачылтыш Адам баласынын илим-билиминин парызы десек, ашкере чапкан болбостур.
Мисалы: көз, кулак, мурун, тил маалымат алуучулар деп тааныйбыз. Ошол маалыматтын негизинде бизде ой дагы, сезим дагы, кыял дагы жаралат.
Демек, биринчи учурда мээнин кээ бир бөлүкчөлөрү же тараптары кыял – сезим жаратуу функцияларына ээ экенин аныкташыбыз бизди бара-бара чындыка жеткирет.
Албетте биздин замандын илим-билими муну четке кагышаар, анткени өз жеке акылы менен жөндөмдүүлүктү пайда кылуу ирээтинде сезим жаратууну бизге эчким үйрөткөнда эмес, атүгүл айтканда эмес. Бул кемчилдиктенби же катачылыктанбы, негизинен Молдо Кылыч айткандай- Адам баласынын аң-сезими төмөндөп, пейили тарып, майдаланууда,-десек адашканга жатпастыр. Себеби сезим жаратуу бул мээдеги бүткүл байланыштарды үзгүлтүккө учуратпоочу, аң-сезимди кеңейте жогорулатып, жаратмандыка ээ кылуучу күч.
Ырдын сөзүн жаратуу - бул да күч, андан өткөн күч бул обон, күү, симфония жаратуу жана андан да күчтөнүү бул ондогон, жүздөгөн, миңдеген адамдардын кыял, сезим, ойлору менен бирге жаратылышты нотадай окуп, сурөттөп кагаз бетине эпос, роман, поэма түрүндө түшүрүш дал ошол сезим жаратуу булагынын чоң дарыяга өсүшү, же башкача сөз менен айтканда, тую сезиминин күчөшү аң-сезимдин жогорулашына жол ачат десек, түшүнүүгө жеңилирек болсо керек.
Бул күч, адамдын кабыл алуу сезимин кеңейтүүдө, күч алуусун жогорулатып бара-бара жайчылыка жеткирип, кайыпчылыка бет алдырат. Бул илгерки ата-бабабыздын илими, ата-бабабыз дегенде биз Адам ата менен Ово энени айтуудабыз.
Себеби Адам атанын баласына, Адам атанын дене-мүчөсү эле эмес, ички дүйнөсүсүнүн байлыгы да жөндөмдөрү да окшош, таандык болуш абзелдир.
Бул жерде, жеке көз караш менен ой бөлүшүүдө айтып койчу сөз, кызыктуусу бу баардык ыйык китептер дал ушул сезим жаратууга багытталгансыйт …
Анткени, Жараткандын мээримдүүлүгүнө ой жүгүрткөндө, Адам баласы бир гана өзү мээримдүүлүк сезимин жаратканда гана ал нерсени туя сезип, акылы менен тааныйт, кадимки эле нота тааныгандай.
Ошол себептен, мээримдүүлүк, кечиримдүүлүк, сабыр, кайрат, намыс атүгүл биздин кыргыз элинин айкөл деген улуу сөзү дагы бул – сезим дүйнөсү, аң-сезим дүйнөсүндөгү күчтөр деп билишибиз туура багыт берүүсүнө акыл чайкап, кулк-мүнөздүн калыптануусунда,ал Адамды Адам кылуучу байлыктарды, симфонияны түзгөн ноталардай колдонуш милдет го деп жыйынтык чыгаруу маанилүү болчудай.
Ал эми кантип деген суроого, биз мурдагы макалаларда чечмелеп чыгардык эле, ошол себептен токтолбой эле койолу. Белгилеп гана койчу олуттуу, бул кырдаалдагы маселе, ыйманга келип жаратканды таанууда, Адам баласынын бир жааты, ыйык китептерди окуу менен чектелбестен, жаман ой-сезимдерден качып, ниетин, дилин тазартуу ирээтинде намазга турууда жана орозо тутуп ачкалык, чаңкоо дене каалоолорунан ыйман, рух дүйнөсүн жогору коюп, сабыр сезимин жаратып, жеңип, Жараткандын мээримдүү, кечиримдүү деген сыпатын дал ошол ойдун өзгөрүлүшүндөгү таза сезим жаралышын баамдап жүрүүдө,- десек чындыка жатаар.
Экинчи жааты, салт, наркты эске алып, үстүртөн эле эмес, чын, ак дилинен улууга улуудай сезим тартуулоодо, урмат көрсөтүүдө эмеспи. Кичүүнү ызаттап, балага баладай мээримдүүлүктү төгүп, бапестөөнү - салттагы адамгерчиликтин шарты дейт, Манас таанып, Айкөл сезимин жаратып, таанууга бет алып, баатырлык бир гана кара-күч эмес экенин тастыктап, «кыздын кырк чачы улук», - деп кайра эле салтка таяп аялзатын сыйлайт жана кыргыз элинин эле эмес бүткүл адамзаттын биримдигин тилеп, боордоштук сезимин ойготконго аракет кылуусун, глобализация көрсөтүүдө…
Урматтуу окурман, биз муну менен эмнени айткыбыз келип турат. Биздин байкообузда динде да, салтта да, илимде да акыл менен сезим жаратып күчтөнүп, жаратмандыка ээ болуу да, илимде ачылыштарга жетүү да шарттары каралган, бирок биздин жеке оюбузда, ага жетишерлик маани берилбей калган сыяктуу.
Муну биз ата-бабабыздын мурас, руханий, илим байлыктарынан байкасак болот.
Эми аң-сезимди жогорулатып жайчы, кайыпчылыка бет алуу дегенди эске алалы. Бирок аң-сезимдин жогорулашын биз кантип байкайбыз, кантип сезип туябыз. Эң биринчи белгилеринин бири бул - адамдын акыл- эси кыял, сезимдер, өзүмчүлдүк дүйнөсүн таанып, бөлүп, ооздуктап калган учурда баамдайбыз.
Бул учурда акыл-эс эрк күчү менен ички кыял-сезимдерди ойготуп, аларды талдап, өзүнө баш ийдирип калган мезгили деп билебиз. «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» дегенди так аныктап калган маал деп туябыз.
Бул маалда Адам баласынын акылы бүт процесстердин ойногуп жаралышынан баштап токулуп түзүлүү, кеңейип кайра тарышына чейин үстүдө айтылгандай туюшунда, өзүнө өзү да жана башка адамдар ага ачылып окулуп бүткөн китеп сыяктуу болуп калат.
Анан гана адам өзү кичинекей микрокосмос дегенге ой толгогондо, адамдын акыл-эси өзүнүн ичиндеги процесстердин баардыгы жердеги магнит тартуу күчтөрү менен түздөн түз байланыштыгы эле эмес, “шайкечтиги” дагы бар экенин акылы баамдайт да табияты аркылуу Ааламды көздөй бет алат.
Бул шартта, эске салчу нерсе, кабыл алуу органдардын эң күчтүүсү деп биз кулак менен көздү эмес, жон терини айтып келебиз. Себеби, Адам баласынын дене-мүчөө түзүлүшү эң биринчи омурткалардын ичиндеги жүлүн түтүкчөсүнөн башталат. Ал эми бүт адамзаттын жомокторундагы «жүрөгүм менен сезем» дегени, жүрөк туштагы омурткаларга байланыштуу.
Биздин эне-тилибиздеги «кабыргам кайышып, омурткам сыздатып» деген сөздөр, так ошол жон териге же омуртканын ичиндеги жүлүнгө тиешелүү, өзгөчө биздин тилде боорго көңүл бурсак түшүнүктүү болот.
Боор оору же боордоштук деген сөз ошол туштагы омурткадагы жүлүнгө байланыштуу экендигин кадимкидей эле сезип туйсак болот.
Орус илиминде аны биз «спинной мозг» деп талдап жүрүүдө эмеспизби.
Көз, кулак, мурун, тил сыяктуу, жон тери сезет, туят, кабыл алат. Ал эми анын кабыл алганын баш тери камтыган мээнин бир кичинекей бөлүкчөсү чечмелеп, талдап, акылга жеткирет.
Ушул маалда гана Адам баласы өзүнүн жайы үч бөлмөлүү батири эле эмес, бүтүндөй жер экенин жан дили менен кабыл алат да ага көз карашы түп тамыры менен өзгөрөт…
Кошуп кетчү нерсе, эртеңки күнү адамдын ички сезимин өң-түс, үн сыяктуу жеткирген технологиялар күндөлүк жашообузда орун алат. Кадимки телефон аркылуу адамдардын сезимдерин, үнү сыяктуу туйганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Тартуу магнит күчтөрүн таанып, туюп цивилизациябыз алдыга чоң кадам жасары күмөнсүз.
Эскерүү ирээтинде айтып, эске салып койчу маселе, бул жерде, ааламда баардык нерсе көзгө илинбеген нерседен, улуу куч менен түзүлүп, токулган… илимде ал «частицалар» же «толкундар» деп айтылууда эмеспи. Газ болобу, жер болобу, суу болобу, атүгүл мээнин күчү жеткен амал да, сезим да ошол айтылган “заттардан” түзүлүп кеңейет. Ошол мезгилде Адам баласынын аң-сезими өзүнүн амалдары, рух менен жан аркылуу жасалып жатканын сезип туя баштайт…

P. S.
Кошумчалап койчу нерсе, акылдын күчүн эсепке албаганда жон тери кабыл алган маалымат ар тараптан келет, бири мейкиндиктен келсе, экинчиси убакыттан алынат, үчүнчүсү кайыптан деген сөз бар, ал эми төртүнчүсү түк гана пайгамбарларга ылайык.
Ошол себептен, Адам баласы адашуудан сактанып маалыматка өтө этият мамиле кылуусу зарыл…

Абу Саид дервиш
Проект «Школа Личностей».
Добавлено: 2 Сентября 2019
Поднято: 3 Ноября 2019
Просмотров: 383
Свеча " Очищение от негатива"
Свеча " Очищение от негатива"
550 сом
Бишкек / Центр 19 Апр
IT курсы для детей
IT курсы для детей
5 000 сом
Бишкек / Центр 17 Апр
Таэквондо в "Эклектике": курсы для детей
Таэквондо в "Эклектике": курсы для детей
2 000 сом
Бишкек / Центр 17 Апр
×